

ЭАМжЧТ факультети менен ТИБдин студенттери Нооруз майрамын белгилешти
27.03.2017 11:18
КУУнун эл аралык мамилелер жана ыгыш таануу факультети менен тилдерди_үйрөнүү борборунун студенттери Ноорузду шаңдуу тосушту. Майрамдык иш чара 20-март күнү башкы имараттагы мультимедиа борборунда өттү.
Салтанат адаттагыдай эле Умай-эненин аластап, өзүнүн жакшы батасын, каалоолорун айтуу менен башталды. Чыгыш таануу факультетинин студенттери өз өнөрлөрүн көрүүчүлөргө мыкты денгээлде тартуулап беришти: бири ырдаса, кээ бирөөсү өзүнүн актёрлук чеберчилигин көрсөттү.
Майрамдык иш-чаранын башкы каармандары тилдерди_үйрөнүү борборунун студенттери болду. Кореядан келген студенттер кыска аралык убагында_кыргыз тилин өз тилиндей өздөштүрүп, а түгүл обондуу ырларды ырдап, айтууга оор болгон жаңылмачтарды, кызыктуу табышмактарды, ырларды көркөм айтып баарыбызды таң калтырды. Дагы бир корей улутундагы Юн Саани Ли_аттуу студент Нооруз майрамынын негизги көркү болгон сүмөлөктүн жасалышын, анын_курамын төкпөй-чачпай айтып, отургандарга жагымдуу маанай тартуулашты.
Студенттер_жөн гана ырдап отурбастан, ”Аркан тартмай”, "Тогуз коргоол” улуттук оюндары менен шаңга, шатка бөлөдү. Баардык катышуучуларга алып баруучулар кичине болсо да белектерди таруулашты.
Иш-чараны баштан-аяк КТРКнын_“Замана” студиясы тартып жатты. Соңунда бардык катышуучулардан өткөн салтанат боюнча интервью алынып, алар өз сезимдерин, толкундоолорун жана өз пикирлерин кабарлашты. Иш-чаранын уюштуруучулары Жанчарбекова Сабира жана Бакасова Салтанат эжелерге жетекчилик тарабынан_ыраазычылык билдирилди.
Камчыбеков Нурсултан - эл аралык мамилелер жана чыгыш_таануу факультенинин студенти