

ККФ колледждин мугалими Муратова Саадат «Алай ханышасы» аттуу китебин чыгарды
23.03.2017 10:24
2017-жылдын 22-март күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында кыргыз-кытай факультетинин алдындагы колледждин мугалими Муратова Саадаттын «Алай ханышасы» аттуу китебинин ачылыш аземи болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны Меӊди Мамазаирова, акындар Айшаке Курманова, Жаӊыл Бердигулова, Салия Жусубалиева, Күлсүнбүбү Соорбековалар келишип, авторго каалоо,_тилектерин айтышты..
Педагогика илимдеринин доктору Нуржан Сартбекова, филология илимдерини кандидаты Дамира Ибраева, «Манас» коомдук фондунун маданият бөлүмүнүн башчысы Кайыргүл Жумадилова жана аталган фондун координатору Калича Абдрахмановалар «Алай ханышасы» китеби тууралуу, Муратова Саадаттын кылган эмгегин баалаган ойлорун ортого салышты.
Иш-чара «Кыргыз көчү» ансамблинин күүлөрү, колледж студенти Рысмамат кызы Алиянын «Курманжан Датка»ыры, Нурзат Адылкожоеванын жана кытайлык кыргыз төкмө акыны Акматбек Мамбетурдунун_ырлары менен_коштолуп, аземдин көркүн ачты.
Аземдин соңунда Саадат Муратова бул китептин үстүнөн 10 жыл эмгектенгенин жана китептин ичине камтылган кызыктуу маалыматтардан сөз кылды._Белгилеп кетчү нерсе, Саадат Муратова «Саякбай Каралаев» аттуукитептин да автору.
Кыргыз-кытай факультетинин жамааты Саадат Муратовага_албан ийгиликтерди каалоо менен чыгармачылыгынын өнүгө беришине тилектеш.
Эрмекбаева Айдана -_тарбия иштери боюнча декандын орун басары
PS:
Иш-чаранын уюштуруучулары ачылыш аземинин өткөрүлүшүнө колдоо көрсөткөн окуу иштери боюнча проректор Аманалиев Урмат агайга ыраазычылык билдирет