Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз филологиясы факультетинин кыздары мактоого арзыды!

2016-жылдын 15-мартында №5-окуу имаратындагы «Манас өргөөсүндө» 11-мартта И.Арабаев атындагы КМУда өткөн сармерденде женишке жетишкен кыргыз филологиясы факультетинин кыздарына мактоо_грамоталары тапшырылды. Эскерте кетсек, жеңүүчү кыздар спорт боюнча өткөн сынакта да ийгиликтерди багынтышкан.

Ийгиликке жетишкен кыздарды факультет деканы Жайлообаев Бактыбек, окуу иштери боюнча декандын орун басары Жаңыбаева Майрам, салыштырма лингвистика жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын башчысы Акунов Эмил куттукташып, окууларына, иштерине ийгиликтерди каалашап, келе жаткан Нооруз майрамы менен куттукташты.

Салтанаттын жүрүшүндө КР жогорку окуу жайлар арасында стол үстүндөгү теннис универсиадада_1-орунга ээ болгон 1-курс студенттери Сатенова Перизат, Бактыбек кызы Аруузатка да сыйлыктар тапшырылды.

01

02

03

04

06

07

Токтакунова Медина -_факультеттин_2-курс студенти