Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Э.Акунов: "«Канталамай» - жаңы замандын трагифарсы"

«Канталамай» - жаңы замандын трагифарсы»

Аннотация:

Макалада Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу М.Абакировдун «Канталамай» повестинин идеялык-көркөмдүк табияты, чыгармадагы жаңы доор менен эски доордун контрасттык жагдайлары, драмалык түйүндөрү чечилет.

«Трагифарс» - трагедия менен комедиянын элементтеринин айкалышынан түзүлгөн драмалык мүнөздөгү чыгарма. Бир эле учурда кайгылуу да, ызалуу да, мунайым-мыскылдуу да көрүнүштөрдү чагылдырат. Бул жанр ар заманда орун алган терс көрүнүштөрдү айыптачу милдетти аткарат.

Өзөктүү сөздөр: трагифарс, трагедия, комедия, диалог, драма, пафос, диалектика, психология, нрава, эстетика, марионетка, деградация, социализм, капитализм, сорказм.

_________________________________________

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу М.Абакировдун «Канталамай» повести каармандардын диалог, кеп-сөздөрүнүн негизинде курулган. Жазуучу чыгармасында басымды окуяларга, кыймыл-аракетке эмес, сөзгө коет. Башкы каармандардын тагдыры өтө татаал. Алар: «Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да, өзү жарыбайт» дегендей, отуз жылдан ашуун эмгек сиңирип, анан тырмалаңдап жүрүп араң редколлегиянын мүчөсү болгон, борбордук газетанын журналисттери - ак көңүл Сабыр Атагулов, карт бөрү курбалдашы - Касым Мусаев жана жаңы замандын журналисти, катардагы кабарчыдан, бакыйган гезиттин башкы редактору болгон Абдынасыр Искаков ж.б. Каармандардын тагдырлары индивидуалдуу, бири-бирине эч качан окшошпойт. Ошентсе да, алардын турмуштук жана ишмердүүлүк жолдору жаңы заман, мезгил, айлана-чөйрө менен тыгыз байланыштуу. Мына ошондуктан каармандардын жекече турмушундагы татаалдык, алардын коомдук турмуштагы күтүүсүз карама-каршылыктар менен айкалышып, каармандардын тагдырынын ого бетер татаалданышына алып келет. Мына ошондой жекече жана жаңы замандын коомдук турмуштагы карама-каршылыктардан улам каармандардын турмушундагы бөтөнчө кырдаалдар «Канталамайдын» трагифарсын, драмалык пафосун жаратат.

Бул чыгарманын негизги идеясынын, проблематикасынын бир гана жагы. Экинчи жагы каармандардын жан дүйнөсүнүн диалектикасы, ички сезимдеринин индивидуалдуулугу. Каармандардын ортосундагы карым-катыш, байланыштар барып - советтик жана жапайы капиталисттик замандын адамдарынын жекече адамдык сапаттарына, дүйнөгө болгон көз караштарына ылайык түзүлөт. Ошондон улам ак-ниеттик менен арамзалык, достук менен душмандык, тазалык менен ыпластык, коммунисттик менен капиталисттик, акыйкаттык менен адилетсиздик сыяктуу антиномияларды келишпестик майданга алып келет. Автордун чыгармадагы берейин деген негизги идеясы мына ушунда экендиги талашсыз. Ушундан улам «Канталамай» баштан-аяк чиеленишкен драмалык түйүндөрдөн, конфликтерден турат.

Каармандар Сабыр Атагулов менен Касым Мусаев регрессивдүү романтиктер. Алар: советтик мораль, советтик нрава, адеп-ахлак менен гана_жашайт. Партиянын идеясын ишке ашырабыз деп делбектеп, дырдай жылаңач жүргөн жылаңач баатырлар. Ардак наам, грамота берсе ошого корстон болуп, элди агарталы, көгөртөлү деп эл үчүн иштеген кызматкерлер. Ошондуктан алар жаңы замандын оош-кыйыш жактарына көнө албайт, алар баары бир өздөрүнүн принциптеринен, нормативдүү эстетиканын көрсөтмөлөрүнөн чыга алышпайт. Идеяларынан кайтпайт. Адамдык кадыресе тазалыгы, жашоого, турмушка, коомго болгон астейдил иштери, башкалар үчүн, эл үчүн керек болсо жан кыярлыкка бара тургандыктары, айтор ушунун бардыгы советтик мораль, советтик нрава, советтик этика менен интерпретацияланат.

Албетте, доордун, замандын алмашышы менен коммунисттик акыйкаттык өзүнөн-өзү кыйроого учурады. Адамдардын психологиясы, нравалык, эстетикалык түшүнүктөрү, дүйнө таанымы түп тамырынан бери өзгөргөнү табигый иш. Мына ушул тагдырга туш болгон каармандын бири катары чыгармада - Абдынасыр Искаков турат. Ал «заманың бөрү болсо - бөрү бол» деген идеяны пир туткан, манжаларга байланган жипке секирген тактеке -кичинекей марионетка.

Чыгармадагы сюжеттин психологиялык чыңалышы Сабыр Атагулов менен Касым Мусаевдердин диалогунан көрүнөт. Эки каармандын акырындык, жайбаракат, ырааттулук менен «ырбаган» диалог эки замандын түздөн-түз карама-каршылыгына алып келет. Дал ушул диалогдон өздөрү тарбиялап өстүргөн Абдынасыр Искаков «бөрү баласы ит болбойт» деген чындыкка алып келерин кайдан билишти. Аларды өзүнүн күнүмдүк жыргалчылыгы үчүн «сатып» саларын, ал турмак аракеч, коомдун эң бир зыянкеч адамдары кылып жалаа жаап «таштанды» катары жардан ары ала салдырып жиберери үч уктаса да түштөрүнө кирген эмес. Коммунисттик идея менен капиталисттик жашоо принцибинин карама-каршы келиши ушул үч образдын ички портретин ачып берүүдө дааналанат.

Чыгармадагы трагедия - бул каармандардын арасындагы татаал драмалык чиелеништер, идеялык келишпестиктер, эски заман менен жаңы замандын жарашпас чекитке жетиши. Каармандардын (сөз Сабыр Атагулов менен Касым Мусаевдер жөнүндө баратат - Э.А.) рух дүйнөсүнүн күчтүүлүгү чындык үчүн, адилеттик үчүн кыйышпас күрөшүүгө алып барат. Мына ушул күрөш чыгарманын трагедедиялык пафосун белгилейт.

Жаңы замандын келиши менен адамдардын ортосунда социалдык-ыймандык кагылыштардын келип чыгышын чагылдыруу автордун турмушту терең түшүнгөн баамчыл жазуучу экендигинен кабар берет. Жаңы замандын социалдык-коомдук түзүлүшү менен каармандардын ортосундагы эч качан келишиес, эч качан жарашууга мүмкүн болбогон мамилелерди чагылдыруу жана бул кагылыш автордун (чыгармада) жеке трагедиясы менен аякташы жазуучунун турмуштук позициясынан улам келип чыккан.

М.Абакиров аталган чыгармасында элинин келечегине түйшөлөт, бушайман болот. Жаңы бөрү замандын келиши менен жан дүйнөсү да «жаңыланган» жаңы ээн баш кызматкерлерден ыйман кетип, жан-дүйнөсү деградацияланган, жакырланган мезгилди таасын баяндайт. Жазуучу социалисттик коомдун турмушу менен азыркы биз жашай баштаган капиталисттик коомдун мүчүлүштүктөрүн өз кабылдоосунда таразалап, элдин рухий деградацияга дуушар болуп жатканын, жакырчылык, кайдыгерлик, абийирсиздик деген илдеттердин күчөшү сыяктуу орчундуу проолемалардан көрөт.

Жазуучу элди абийирдүүлүккө, ынтымакка чакырат, уруу-урук, түндүк-түштүк, ураанын чакырганга каршы. Мына ушундай идея менен жашаган өткөн доордун канча инсандары оор трагедияларга дуушарлангандыгын М.Абакиров элдин эсине салып отурат. Аталган повестте жаштардын социалдык-нравалык, идеологиялык татаал маселерге олуттуу көңүл буруусун түздөн-түз талап кылган чакырыкчыл идеялар арбын. Автор акыркы эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардагы оош-кыйыш турмушубуздан орун алган ар кыл жат көрүнүштөрдү акыйкат сынга алуу менен бирге окурманды активдүү турмуштук позиция тутууга үндөйт. Муну повесттеги төмөнкү диалог ырастап берет:

- «Ырахмат, чоң ырахмат, даткайым эже. Эртең машинамды Нарынга жиберем.

- Мунуң жигиттик. Күйөө балалык парзыңды актаганың болот. Кайын-журт деген - чоң журт, чоң тирек. Сенин баш редакторго көтөрүлүшүңө да ошо Нарындан күйөө баласы болуп калганың чон роль ойногон. Кирбеген жерибиз калган жок. Унутпай жүр»... (Абакиров М. Тандалма чыгармалар. -Б.:2009, 500-бет)

Ушул диалогдон айкындалып тургандай, көп улуттуу совет өлкөсү ыдырай элек кезде анчейин билинбеген кыргыздын уруу-урукка, жер-жерге, саясий кландарга жана башкаларга бөлүнүш адаты соңку кездерде одурайып көрүнүп турганы эч кимге жашыруун эмес. Белгилей кетүүчү нерсе, ушул айыкпас дартты ар бирибиз сезип-туйганыбыз менен жазуучу Мелис Абакировчолук башкалар таасын айтып чыгууга белсенбеген.

Бардык эле коомго мүнөздүү болуп келген өткөөл мезгилде калктын басымдуу бөлүгү рухий деградацияга дуушар болору белгилүү. Мындай рухий жакырлануу айрыкча жаштар арасында күндөлүк тиричилигибизде көбүрөөк кездешип жатканын түрдүү жагымсыз жагдайлар күбөлөп келет. Бул туурасында жазуучу каарман Касым Мусаевдин сөзү менен төмөнкүдөй айтат: «Ысмакем кечээ эле арабыздан кеткендей сезилет мага. Кайран гана каражаак -«Акыркы төкмө, - деп Аалыке айтты эле го көрүстөн башында. Азыркы самопал төкмөлөр кыжырды гана келтирет:

Гүлдөй берсин элдерим,

Бүрдөй берсин жерлерим.

Капиталист дос менен,

Казылсын алтын кендерим.

Калк башчысын даңтаган,

Каражаак ырчы пендемин.

Кажыбай какшап ыр төккөн,

Кара нөшөр мөндүрмүн... Нак мөндүр! Баарына: ырдын кунуна да, саясатка да зыяны гана тийген». (Абакиров М. Тандалма чыгармалар. —Б.:2009, 501-бет.).

Чыгармада элдин эртеңкисине камкор атадай күйүп-бышкан жазуучунун жанын кашайткан чындык табийгый түр-түспөлүнөн ажырабаган тейде жаңы көркөмдүктө баяндалган. Чындыгында эле коомдук турмушубузда өтүп жаткан ар кыл кубулуштарды өз ченеминен бөксөртпөй да, ашырбай да чагылдырып берүү миссиясы мына ушул повестте жүзөгө ашкандыгын танууга болбойт. Муну тактоо иретинде жазуучу, китеп басма редактору Жумабек Медералиевдин төмөнкү сөзүнө орун берсек жетиштүү болчудай. Ал минтип жазат: «Канталамай» трагифарс-повести формасы боюнча да, жазылуу ыгы, образдарынын тутуму боюнча да, аларга удаалаш келген эгемен замандын «ээнбаштыктарын» көркөм кара сөз менен таасын, ары таасири жугумдуу ашкерелеген алгачкы карлыгач болуп калганы - бу бүгүнкү күндүн тарыхый чындыгы. «Канталамай» трагифарс-повестиндеги учурдун курч адеп-ахлактык, рух-шаалык көйгөйлүү маселелерин чагылдыруудагы жазуучунун тайбастыгы, курч атуулдук, жазуучулук тутуму кезегинде жөнөкөй окурмандар тарабынан эле эмес, адабий коомчулук, адис сынчылар, театр ишмерлери тарабынан дагы өзүнүн татыктуу баасын алган». (Медералиев Ж. Китепте: Абакиров М. Тандалган чыгармалар. - Б.:2009, 12-бет). Демек, бул чыгарма кыргыз элинин кечээкиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси тууралуу ой-толгоо. Мында кыргыздын менталитети, психологиясы, акчалуулар бийлеп турган, жакырлары сыздап турган теңчиликсиздик заманы күчтүү сарказм менен берилген. Ушундан улам «Канталамай» повестин идеалык-тематикалык жагынан соңку жылдардагы кыргыз прозасындагы кездешкен көркөм туундулардын көзгө толумдуусу катары саноого болот. Бул чыгармада жазуучу демократиялык өнүгүүгө багыт алган коомубуздун күнгөйү менен тескейин таасын белгилеп, көрсөтүп бергени талашсыз.

Кезегинде, М.Горький: «Тема - бул автордун тажрыйбасында жарала турган идея», авторго идея (башкача айтканда теманы) турмуш өзү айтып берет». (Горький М. О литературе, -М.Гослитиздат, 1953. - С. 667.) - деп, белгилегендей, М.Абакировдун сөз кылып жаткан повестиндеги тема жана идея реалдуу турмуштун жаңы замандын талаптарынан жаралган. Чындыгында М.Абакиров ар бир доордун, замандын турмуштук көрүнүштөрүн, андагы кейипкерлердин жашоо жолун, кылык-жоруктарын табигый түр-түспөлүнөн оолак кылбай, реалдуу чагылдырып берет. Жазуучунун чыгармаларынын темасы турмуштун кайнап турган жеринен ысык-суугунан, ак-карасынан, түмөн түйшүгүнөн, кайгы-касиретинен, толгон карама-карышылыктарынан алынгандыгы менен катар эле поэтикалык ойду жогорку көркөмдүктө берүүгө жетишкендиги менен баалуу. М.Абакиров үчүн «өзгөчө маанилүү тема - адамкерчиликти сыноо». (Медералиев Ж. Китепте: Абакиров М. Тандалган чыгармалар. - Б.:2009, 13-бет).

Калыс көркөм интеллигенция чөйрөсү жупуну, бирок олуттуу нукура турмуштук маңызды кучагына алган чыгармадагы турмуштун реалдуулугунан күмөн санабаары турган иш. Бул жазуучунун ашкере патриоттуулугун айгинелейт. Муну автор чыгарманын башкы каармандарынын бири Касым Мусаевдин сөзү менен берет:

-«... Мен деле кандуу төңкөрүштүн, каардуу жазалоонун жактоочусу эмесмин. Бирок мен социалдык теңсиздикке, анархияга чыдай албайм. Конституциянын жана заң-мыйзамдын ар бир нокотун, ооба, чекитине чейин ким болбосун, падышадан баштап, кайырчыга чейин так сактоосун көшөрө жактоочуларданмын. Ачыгын айтсам, кансыз төңкөрүштүн кандай түрү болбосуп, мейли референдумдук, мейли парламенттик болбосун, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жасалса, мен алардын идеолог-жоокери болууга даярмын. (Абакиров М. Тандалма чыгармалар. - Б.:2009, 489-бет). Жазуучу граждандуулукту бийик «пафос» менен ушундайча коштоп берет. Бекеринен жазуучунун жан дүйнөсүн эзип, кыжаалаттыктан келип чыккан мына бул повесть «Канталамай» деген аталышка ээ болуп калбаган. Анткени, калемгер өз элинин турмушун, жашоо шартын жан дүйнөсү менен сезип, ал сезимдерине жасалмалуулуктун кыпындай да учкунун жуутпаган.

Жалпысынан алганда, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мелис Абакировдун «Канталамай» повести ынанымдуулугу, турмуш чындыгына төп келгендиги, тарыхый чындыкты ченеминен бөксөртпөй да ашырбай да баяндап бергендиги окурмандарды өзүнө тартып, алардын ой-дүйнөсүнө өзгөчө эстетикалык асыл нарк таасир тартуулап, улуттук адабий казнабызды байытууга үлүш кошкон мыкты чыгармалардын катарын толуктаары шексиз.

Корутундулап айтканда, жазуучунун «Канталамай» аттуу повести бүгүнкү коомдун маанилүү проблемаларын нукура тереңдикте чагылдырган. Бул калемгердин өз элинин тагдырына кайдыгер карабаган өтө баамчыл патриот жазуучу экендигин тастыктайт.

Пайдаланылган адабияттар:

  • Горький М. О литературе. - М.Гослитиздат, 1953.
  • Абакиров М. Тандалма чыгармалар. - Б.: Полиграфбумресурсы, 2009

 

77

Э.Акунов -_КУУнун доценти