

КФФ студенттери кыргыз ырларын англисче аткарышты
07.03.2017 15:27
2017-жылдын 6-мартында факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын улук окутуучусу Г.Жалилова кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз котормо таануу бөлүмүнүн студенттери үчүн англис тилинде «Котормонун сырлары жана сыйкыры» аттуу ачык сабак өттү.
Студенттерге котормо боюнча негизги түшүнүктөрдү жеткиликтүү жеткирүү жана анын сырларын үйрөтүү максатын көздөгөн ачык сабак учурунда_Абдиллаева Айзирек У. Шекспирдин сонеттерин өз котормосун англис тилинде окуп берсе, ал эми_Жумабек кызы Мээрим «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам», Г.Жалилова «Аялзат» аттуу белгилүү обондуу ырды англис тилине которушуп, аларды студенттер обонго салып тартуулашты.
Которулган чыгармалар аялзаты темасынын тегерегинде болуп, студенттер_З. Караевнанын кыргыз тилинен англис тилине которулган эне жөнүндө ыр саптарын, белгилүү орус акыны А.Ахматовнанын аялзатынын жашоодогу орду жөнүндө ырын англис тилинде көркөм окуу менен бирге англис тилинде кыргыз аялдары тууралуу айткан баяндары слайд-шоу менен коштолуп, А.Осмоновдун «Ата-Журтун» У. Мейдин котормосунда англис тилинде ырдашты.
Сабакка факультеттер аралык чет тилдер кафедрасынын башчысы Т.Календерова, кафедра мүчөлөрү жана кыргыз филологиясы факультетинин_деканынын орун басары М.Жумабаева жана Ж.Орозалиева катышышты._Студенттер мактоо баракчалары менен сыйланышып, келечекте кыргыз котормо илимине чоң салым кошууга дем-күч алып кайтышты.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
ÂÂÂÂÂ
If I could see the beauty of world through my Mom,
And I could see my Mom through her clothing style.
Become so nice and so real when she walks,
The smelly flowers on her beauty dresses while.