

ККФ студенттери Синьцзян педагогикалык университетинин доценти менен жолугушту
16.03.2017 15:06
2017-жылдын 15-март күнү кыргыз-кытай факультетинин эл аралык укук багытынын_студенттери Синьцзян педагогикалык университетинин юридика факультетинин доценти Абликим Алия менен жолугушту.
Иш чараны факультет деканы Апаева Софья ачып берип, андан ары студенттер менен доцент Абликим Алиянын ортосунда абдан кызыктуу, пайдалуу маек болду. Студенттер бакалавриат жана магистратура тууралуу кызыктуу суроолоруна керектүү жоопторун ала алышты. Жолугушуу абдан кызыктуу өтүп, Абликим Алия студенттерге жана факультеттин жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Иш чарага о.э. “Билим экспорт” кытай тили мектебинин түзүүчүсү Абдыкадыров Данияр да катышып, студенттерге керектүү маалыматтарды берип, суроолорго жооп берди.
ÂÂÂÂ
Куракеева Бермет - окуу иштери боюнча_декандын орун басарыÂÂÂÂ