Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККФтеги майрам алдындагы маанай

2017-жылдын 16-мартында кыргыз–кытай факультетинин, колледжинин жетекчилер тобу жана мугалимдери майрамга даярдык көрүп,_№4-окуу имаратынын айланасындагы таштандыларды, эски жалбырактарды_тазалашып, бактарды акташты.

Ал эми 17 - март күнү факультет Ноорузга карата концерттик программа менен катар студенттер үчүн спорт оюндарын уюштурду. Кафедра мугалимдери колледж мугалимдери менен биргеликте ыр ырдап, бий_бийлешип, конкурска катышышты.

Концерт алдында факультеттин турмушунда активдүү иш жүргүзгөндүтөү үчүн кызматкерлер декан Апаева С.Х. тарабынан сыйланышты.

Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес болгондуктан,_арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо милдетин колледж мугалими Муратова Саадат_"Умай Эне" болуп аткарды. Андан кийиин кыргыз элине таанымал «Сары ой», «Дастаркон», «Өмүр», «Кайдасыӊ», «Энекем»_аттуу ырлары жаӊырып, «Улуу көч» жана башка кыргыз, кытай бийлери көрсөтүлдү.

Концерт соӊунда спорт оюндарына катышкан студенттерге чакан белектер берилип, бардыгына мугалимдердин салымы менен даярдалган плов таратылды. Ошону менен Нооруз майрамы Кыргыз-кытай факультетинде шаӊдуу жана көӊүлдүү_өткөрүлдү.

Эрмекбаева Айдана - тарбия иштери боюнча декан жардамчысы