

ККДжКЖ факультетинде «Нооруз» майрамы белгиленди
18.03.2017 11:07
2017-жылдын 17-март күнү кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде «Нооруз» майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Жыйындын катышуучуларын Нооруз майрамы менен_мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков_жана факультет деканы Алайбек Шамшиевдер_кызуу куттукташты.
Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин таланттуу окутуучулары, студенттери жана окуучулары ыр-бийлерди аткарышып,_“Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды; аларга грамоталар жана сертификаттар тапшырылды.
Майрамга карата маалымат технологиялары колледжинин студенттеринин жана гимназиянын окуучуларынын ортосунда улуттук тамак-аштар сынагы уюштуруп, женүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Факультеттин жамааты 20-март күнү_КУУнун башкы имаратында өткөрүлүүчү «Нооруз» майрамына арналган салтанаттуу иш-чараларга жакшы маанай менен_активдүү катышып, уюштурулуп жаткан улуттук оюндарда жана сынактарда жеңип алууну көздөшүүдө.