

Геофакта лекциялар түрмөгү болуп өттү (жаңыланды)
15.03.2017 16:07
2015-жылдын 15-мартында география, экология жана туризм факультетинин 1,2-курс студенттери үчүн туберкулездун алдын алуу, терроризмге каршы күрөшүү жана суицидди болтурбоо боюнча лекциялар түрмөгү болуп өттү.
Туберкулез ооруусунун белгилери, аны алдын алуу жана дарылоо методдору тууралуу_студенттик бейтапкананын врачы А.Касымбекова баяндама жасады..
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын улук лейтенанты Н.Чумодоев жана кичи лейтенанты А.Арзыкулов "Диний экстремчиликке каршылык көрсөтүү, террорчулук_менен улуттар аралык жаңжалдардын алдын алуу, о.э. кыргыз жарандарын согуш болуп жаткан аймактарга чыгарбоонун чаралары" тууралуу айтып берди.
Жайындын соңунда медицина илимдеринин кандидаты, врач-психотерапевт Э.Качканаков чыгып сүйлөп, азыркы учурда коомдо жана интернет мейкиндигинде кеңри талкуу болуп жаткан "Өзүн-өзү өлтүрүү" темасына кайрылды. Ал КУУнун студенттерин_социалдык тармактарда "Тынч үй", "Көк кит", "Мени ойгот" хештегдери менен таралып жаткан оюндарды ойнобоого чакырды.