Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
Математиктерди эне-тилдин эртеңкиси ойлонтот


Математиктерди эне-тилдин эртеңкиси ойлонтот
24.02.2017 12:39
2017-жылдын 22-февралында №6-окуу имаратында математика жана информатика факультети «Эне тилдин эл аралык күнүнө» карата кече өткөрдү. Иш чаранын катышуучуларын тилмайрамы менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев жана факультет деканы Бекжан Темиров куттукташты.
Кеченин жүрүшүндө студенттер эне тилге карата улуусезимдерин өз таланттары менен чагылдырышты.
Факультеттин активист студенттери көрүүчүлөрдүн улуттук сезимдерин козгосо, студенттик кеңештин төрагасы Усаров Нурмухаммед коомдогу терс көрүнүштөргө токтолуп, аны терең талкууга алды.
Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары