Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфакта «Мекенди коргоочунун күнү" белгиленди

2017-жылдын 20-февралында математика жана информатика факультетинде "Мекенди коргоочунун күнү" белгиленди. Иш чарага дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эл аралык чебери Кадыров Бакыт чакырылды.

Жыйын факультет деканы Темиров Бекжандын куттуктоо сөзү менен ачылып, ал Бакыт мырзанын жетишкендиктери жана жолугушуунун өтүшү КУУнун жаш спортсмендерин дүйнөлүк аренада чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга түрткү берээрин айтты.

Белгилеп кетчү нерсе, Кадыров Бакыт - аталган спорт түрү боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилигинин коло медалынын ээси, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дүйнө кубогунун ээси жана Дели шаарында өткөн дүйнөлүк биринчиликтин чемпиону.

Бакыт мырзанын айтымында Индиядагы мелдешке чемпион болуу үчүн эмес, өзүнүн теңтайлашы Россиялык мушкерди жеңүү үчүн барганынайтты. Бул көрүнүш кыргыз жигиттеринде ар-намыс жогору болуп, Мекенге болгон сүйүүсү күчтүү экенин көрсөтүп турат.

Иш-чаранын соңунда, Кадыров Бакыт_ыраазычылыгын билдирип, студенттер менен мындай жолугушуу биринчи жолу болгонун баса белгиледи.

20170220 123411

20170220 123726

20170220 125417

20170220 130418

20170220 131215

Рахманкулов Бахтияр - тарбия иштери боюнча декандын орун басары