Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз филологиясы факультетинин жигиттери кыздарды куттукташат!

2016- жылдын 2-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин жигиттери 8-март_- Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, концерт тартуулашты. Жыйынды КУУнун окуу иштери боюнча проректору Аманалиев Урмат жана факультет деканы Жайлообаев Бакыт ачып, жалпы айымдарды майрамы менен куттуктап, иштерине, окууларына ийгилик каалашты.

Кеченин алкагында кыздарга, эжейлерге, энелерге арналган_музыкалык номерлер аткарылып, көркөм ырлар_окулуп, күлкүлүү тамашалар көргөзүлүп, кызыктуу оюндар уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. факультетте өкөрүлгөн студенттердин мугалимдерди баалоосунун жыйынтыктары айтылды. Сурамжылоонун негизинде аныкталган окутуучуларга “Стилдүү мугалим”, “Идеалдуу мугалим”, “Билимдүү мугалим”, “Пунктуалдуу мугалим” деген номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылып, ыраазычылык каттар берилди.

Кечеге факультеттин студенттери жана окутуучулар жамааты катышышты.

Кыргыз филологиясы факультети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы эжейлерин жана кыздарын 8-март майрамы менен куттуктайт!

01

02

05

06

07

Токтакунова Медина -_факультеттин_2-курс студенти