Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ККДжКЖ факультетинин жамааты "Эне тилдин эл аралык күнүн" белгиледи

2017-жылдын 27-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу факультети тарабынан "21-февраль - эл аралык эне тил күнүнө" карата факультеттин алдындагы гимназияда өткөрүлгөн чет тилдер декадасынын жабылыш аземи болуп, окуучулардын_отчеттук концерти көрсөтүлдү.

Факультет деканы Алайбек Шамшиев кыргыз тилин сүйүү менен башка тилдерди окуп үйрөнүү азыркы мезгилдин талабы экендигине токтолуп, окуучуларды кызуу куттуктады.

Окуучулар өздөрү окуп, үйрөнүп жаткан тилдерде көрүүчүлөрдү Кытай, Жапон, Англия, Германия жана Франция өлкөлөрүнө саякатка алып барып, ырлар ырдалып, бийлер_бийленип, иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

01

02

03

04

press knu 2017