Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Садык Алахан: "Элдин эл экени – эне тилинде"

achyk soz 00

achyk soz 01

jany ordo 00

jany ordo 01

Бу дүйнөдө канча мамлекет болсо, алардын ар биринин өздөрүнө гана тиешелүү майрам күндөрү, салтанаттуу даталары бар. Ал майрамдар менен салтанаттуу күндөргө ошол мамлекеттин тарыхы, өзүмдүк өзгөчөлуктөрү камтылган. Бирок,_Жер шарын мекендеген эл-журттун баарына тиешелүү да майрамдар жок эмес. Алардын бири – ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ. ЮНЕСКОнун атайын резолюциясы менен бекитилген бул күндү дүйнө элдери зор салтанат, маңдай жарган кубаныч менен белгилеп келет. Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес го. Анткени, ар бир эл үчүн өз ЭНЕ ТИЛИНЕН өткөн ыйык, өз эне тилинен өткөн аруу нерсе жок. Эне сүтү менен кошо бойго сиңген эне тили ар бир адам үчүн энедей ыйык, атадай асыл, Ата Журттай аруу боюнча өмүр өткөнчө көөдөн түпкүрүндө жашап келет эмеспи.

Дүйнөнүн бардык элдери сыяктуу эле биз да ЭНЕ ТИЛИБИЗДИ эч нерсеге алмашкыз аруу дүйнө, кунсуз асыл казына,_адамдыгыбыздын өзү деп жашап келебиз.

Өлкөбүз Кыргызстанды мекендеген көптөгөн элдер үчүн да өз эне тили кандай ардактуу болсо, Ала-Тоо койнундагы элдерди бириктирүүчү, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарта” турган кыргыз тили бул элдер үчүн дал ошондой ыйык, дал ошондой аруу.

Албетте,_эсил кайран СССРдин учурундагы тил саясаты тууралуу айтыла берип ашмалтайы чыккан сөздөрдү дагы бир ирет кайталап олтуруунун_зарылдыгы жок. Тек гана эгемендикке ээ болгон чейрек кылым ичинде, өз түндүгүбүздү өзүбүз көтөргөн жыйырма беш жылда эне тилибиз үчүн эмнелерди жасай алдык, кайсы иштерди бүтүрүп, кандай көйгөйлөрүн чече алдык деген сыяктуу соболдордун үстүндө ой жүгүрткөнүбүз эп. Албетте, бул жердежамы журт,_жалпы мамлекет_жасай турган иштер бар да, бир жамаат, белгилүү бир мекеме жасай турган жумуштар бар.

Ушул багыттан алып караганда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде соңку жылдары бир топ алгылыктуу иштер жасалды деп айтсак болот. Кыргыз_Республикасынын_Президентинин_2013-жылдын_1-июлундагы (ПЖ № 155) Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча токтомдорун турмушка ашырууда_Кыргыз улуттук университетинин_окутуучу-профессорлук курамы, кызматкерлери жана студенттери, кайталап айтабыз, реалдуу иш чараларды жасоого жетишти.

Аталган маанилүү документтерге ылайык_КУУнун ректорунун буйругу менен_Университетте 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн_программасы_иштелип чыгып, Программага ылайык_окуу жайдын бардык_факультеттеринин иш пландары дардалган._

Программанын максаты Улуттук университетте мамлекеттик тилди жайылтуу, болочоктогу адистерди кыргыз тилинде_кесиби боюнча эркин ой жүгүртүүгѳ, жогорку деңгээлде баарлашууга,_маданияттуу жазууга_багытталган иш мерчемдерди камтыйт.

Бул программага ылайык_Улуттук университетте 2015-2020-жылдарда мамлекеттик тилди_өнүктүрүүнүн жол картасы да иштелип чыкты (Жол карта университеттин сайтына жайгаштырылган). Жол картада_мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн стратегиялык жана тактикалык иш аракеттери ай, жылдарга бѳлүнүп, этап-этабы_менен иштелүүчү иш чаралардын мазмун - маңызы айкын чагылдырылган.

Коомдук негизде түзүлгөн университеттик масштабдагы “Мамлекеттик тил комиссиясы”_мурдатан иштеп келе жаткан_жумушун улантып, ѳзгѳчѳ окуу куралдарын мамлекеттик тилде чыгарууга сунуштоодо квартал сайын өзүнүн_жыйынын өткөрүп, ар бир_жыйында мамлекеттик тилге байланыштуу_маселелерди талкуулап келет. Ар бир факультеттин мамлекеттик тилге байланыштуу иш чараларынын планы дагы иштелип чыккан.

Улуттук университетте мамлекеттик тилдин абалы, сабактардын жүрүшү боюнча_февраль айынан декабрга чейин_мониторинг жүргүзүлдү.

Университет_болочоктогу кадрларды мамлекеттик тилде сүйлѳй билгенге, жаза билгенге, келечектеги ишин сапаттуу жүргүзѳ алганга даярдап жатабы деген талылуу суроо туулат.

_Ырас, айрым адистиктер боюнча окуу пландары жана жумушчу программалар мамлекеттик тилде даярдалууда. Бирок, басымдуусу расмий тилде. Аталган документтерди акырындык менен мамлекеттик тилге ѳткѳрүүгѳ милдеттүүбүз. Мындан тышкары Университеттин окутуучу-профессорлук курамынын күчү менен_окуу китептери, окуу куралдары, кээ бир учурларда окуу-методикалык комплекстер да мамлекеттик тилде даярдалып, жарык көрүп жаткандыгы бизди кубандырат. Албетте, бул илимий-методикалык олуттуу иштерге жигердүү салымын кошуп жаткан окутуучу-профессорлорго ректораттын атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жогоруда аталган_мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы эксперттик жумушчу топтун элегинен ѳтүп, жактырылган ар кандай адистик боюнча мамлекеттик тилде жазылган_15 аталыштагы окуу китептери_ар бири_500 нускада акысыз жарык кѳрүүдѳ.

Ал окуу китептеринин авторлору:

Бүгүнкү күндѳ биздин окуу жайдын сунуштамасы менен Билим берүү жана илим министрлигинде ар кандай багытта 20 окуу китеби даяр турат._Алар эксперттик тастыктоодон ийгиликтүү ѳтсѳ, жогорку китептердин катарын толуктап калышы толук мүмкүн._

Университеттин алдындагы тил үйрѳнүү борборунда кыргыз тилин үйрѳнүүчүлѳрдүн арасында чет ѳлкѳлүк студенттер жылдан-жылга кѳбѳйүүдѳ._Алардын географиялык дареги ар тараптуу, мисалы:_АКШдан, Жапониядан, Украинадан, Канададан, Малазиядан, Филиппинден, Индонезиядан, Кытайдан, Түштүк Кореядан ж.б. Булар жалаң гана кыргыз тилин үйрѳнбѳстѳн, байыркы этностун тарыхын, салт-санаасын, маданиятын, географиясын кызыгуу менен_үйрѳнүп жатышат.Тил үйрѳнүү борборунан окуп, андан ары окуусун кыргыз филология факультети менен тарых факультетинде студент катары уланткандар жана бүтүп кеткендер бар.

Президенттин жарлыгына ылайык 2016-жыл тарых, маданият жылына жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган КУУнун студенттери арасында_5-жолку Мамлекеттик тил боюнча олимпиада 15-апрелде болуп өттү. Май айында расмий тилден дагы “Россотрудничество” менен биргеликте ЖОЖдор аралык олимпиада өткөрүлдү.

Кыргыз улуттук университетинде иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү ишин жакшыртуу максатында_окуу жайдын окутуучу-профессорлук курамына, кызматкерлерине, лаборант, методисттерге январь айында 72 сааттык_“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” курсу_жана_жайкы мектеби июнь айында өткөрүлдү._

Мамлекеттик тил боюнча проректордун алдында түзүлгөн окуу -методикалык комиссия мамлекеттик_жана_расмий тилдер боюнча мамлекеттик тил бөлүмү менен биргеликте_тажрыйба алмашуу, жаңы ыкмаларды жайылтуу максатында ар бир факультетте ачык сабактарды өткөрүүнү салтка айландырган. ОМКнын курамын колледждердин жана факультеттердин кыргыз, орус тилчи окутуучу - профессорлору түзѳт.

_Окуу жайдын окутуучулары_мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча атайын_КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, окуу жайлары, борборлор ж.б. уюштурган семинар-тренингдерге үзгүлтүксүз катышып турат.

БУУ тарабынан бекитилген 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата_ректор профессор Ч.Ү.Адамкулованын 2016-жылдын 26-январындагы №38 буйругу_жарык кѳргѳн._Буга байланыштуу аталган күнгѳ_арналган иш чаралар факультеттерде жигердүү ѳткѳрүлүп, мамлекеттик тил бѳлүмү тарабынан уюштурулган_«Эне тилдер өлкөсүнө саякат» деген иш чара менен жыйынтыкталды. Иш чарага университеттин окутуучулары жана_студенттер_катышты.

_Жакшы саамалыктар менен бирге_чечүүнү талап кылган маселелер да арбын. Алар:

1. Факультеттердеги кыргыз топторун аныктоо.

2. Расмий тилдеги топторго өтүлүүчү кыргыз тили сабагынын өтүлүш деңгээлин жана алардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө (мониторинг жүргүзүү).

4. Кыргыз тилчи окутуучулардын кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу боюнча окуу-семинарларды уюштуруу.

5. Окутуу жана типтүү программалардын мамлекеттик тилде жазылышын декандар менен бирдикте көзөмөлгө алуу. Үлгүлөрүн сунуштоо.

6. Компьютердик программаларды мамлекеттик тилге толук өткөрүүгө жардам берүү.

7. Окуу дисциплиналарын мамлекеттик тилге өткөрүүнүтездетүүгөжардам берүү.

8. Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүүнү ыкчамдатууга кол кабыш кылуу.

9. Улуттук университетте деканаттар менен биргеликте көрнөк-жарнактарды кыргызчалоону, адепке, ыйманга, маданиятка чакырган макал-лакаптарды илүүнү уюштуруу.

10. Улуттук университеттеги окутуучулар, окумуштуулар жөнүндө маалыматтарды, алардын илимий эмгектерин университеттин расмий сайтына, Кыргыз Википедиясына жана КР Президентине_караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтына жайгаштыруу.

11. Окуу-усулдук комплекстерди түзүү жана филологиялык эмес адистиктер үчүн мамлекеттик тилде базалык атайын адабияттарды которууну уюштуруу жана аларды конкурстук негизде чыгаруу.

12. Билимдин ар түрдүү тармактары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонууну кеңири жайылтуу.

Сөз башында айтылгандай, эне тил ар бир эл үчүн ыйыктын ыйыгы. Ала-Тоону мекендеген ак калпак элибиз да “Эне сүтү бойду өстүрөт, эне тили ойду өстүрөт” деген накыл сөзүндү туу тутуу менен эне тилин ыйык көрүп келет. Ал эми ыйык нерсени аруу тутуу, кош каректейтаза сактоо ар бирибиздин милдетибиз. Дал ушул ЭНЕ ТИЛДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ карата_Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети “Мамлекеттик тил жана адабият: ыймандын, адептин, маданияттын табийгый булагы” аттуу Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүштү. Жыйынга Республикабыздын өкмөтүнүн жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, окумуштуулар, маданият ишмерлери, коомчулуктун көптөгөн өкүлдөрү катышышты.

Садык Алахан - Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор