

Кыргыз филологиясы факультетинин студенти эне тилди калың журтка жеткирүүнүн жаңыча ыкмасын ойлоп тапты
24.02.2017 15:36
Кыргыз филологиясы факультетинин КТА-1-14˗группасынын старостасы Абийгазы уулу Абдулазиздин демилгеси менен Бишкек шаарындагы ЖОЖ студенттеринин тобу (Шейшенбай уулу Бекжан, Насиев Эржан, Майчиев Элнур, Эсенбаева Нурзат, Эркинбаев Нурлан,Таңатаруулу Токтогул) эне тилибизди күнүмдүк колдонууда туура жана кеңири пайдаланууну калың журтка жеткирүүнүн жаңыча ыкмасын ойлоп табышты.
Алар эл кеңири колдончу орусча сөздөрдүн эне тилибиздеги котормолорун унааларда, эл көп топтолчу жайларда, көрүнө жерлерге жарыялоону башташты.
“Баяндооч” уюму, КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, проф. С.А.Тиллебаев жана Кыргыз филологиясы факультетинин деканы тарабынан колдоо тапкан_бул өнөктүк эне тилибизди жайылтууда өзүнүн натыйжасын берет деп ишенебиз.