Жума, Март 28, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

“Адептуу коом” бирикмесинин жаштар канаты “Көк кит” оюнуна каршы!

Кыргыз улуттук университетинин активдүү студенттери 2017-жылдын 8-февралында Бишкек шаарындагы №2-мектепке барып, 6-7-8-класс окуучулары үчүн “Анти көк кит" акциясын өткөрүштү.

КУУнун студенттери өспүрүм курактагы жаштарга учурда өтө көйгөйлүү маселе болуп жаткан "Көк кит", "Тынч үй" ж.б.у.с._интернет оюндарынын зыяны тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Студенттер балдардын жашоого болгон көз карашын өзгөртүү менен, алар - биздин келечегибиз экенин түшүндүрүштү.

"Адептүү коом” коомдук бирикмесинин жаштар канатынын координатору, журналистика факультетинин ага окутуучусу Эльмира Усенованын демилгеси менен өткөн бул иш-чара аталган_канаттын алгачкы акциясы экенине карабай, жогорку деңгээлде өттү.

01 1

01 2

02 1

02 2

03

04

press knu 2017