Шаршемби, Май 08, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор

Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович)

филология илимдеринин доктору, профессор

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги

sad alahan

Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович) Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Миялы кыштагында туулган. Айылдык мектептен, андан соң Кычан Жакыпов атындагы Кара-Суу мектеп-интернатынан окуган. Садык Алахан алгач азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетинен билим алат. Окууну эң жакшы бүткөн жаш жигитти университеттин жетекчилиги (ректор, академик К.О.Оторбаев) окуу жайдын өзүндө алып калышат.

Бир аз убакыттан соң Садык Алахан Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун адабияттаануу жана адабий көркөм сын боюнча бөлүмүн бүтүрөт. С.Алахан катардагы окутуучудан профессорго чейинки жолду басып өттү. 2008-жылдан доцент, 2013-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, 2017-жылдын январынан тартып аталган университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору болуп иштеп келүүдө. 2011-жылы “Кыргыз поэзиясындагы коллективдештирүү темасы өткөндөгү жана бүгүнкү күндүн көз карашынан (Аалы Токомбаевдин “Өз көзүм менен” поэмасынын мисалында)” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2014-жылы “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Адабият айдыңына келген мезгилден бери Садык Алахан_адабий сын жана адабияттаануу багытында жазылган үч жүзгө жакын макалалардын, ЖОЖдор үчүн жазылган 2 (эки) окуу куралы менен 3 (үч) типтүү окуу программасынын жана төмөндөгүдөй_9 (тогуз) китептин_автору болду:

1. «Токомбаевдин ыры - Акаевдин сыры («Өз көзүм менен» поэмасы кыргыз айыл чарба реформасынын күзгүсү катары)» (1-басылышы - 1999, 2-басылышы - 2000);

2. «У.Абдукаимов жана «Майдан» талкуусу» (1-басылышы - 2000, 2-басылышы - 2009);

3. «Беш молдо (Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо_Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш)» (2004);

4. «Унутулган адабият» (1-том, 2006);

5. «Адабият айдыңын аралап …» (2006);

6. “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” (2013);

7. “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” (2013);

8. “Азыркынын коңурбайлары” (2014);

9. “Адабият - аруу дүйнө” (2015).

Аталыштарынан эле байкалып тургандай, бул монографияларда улуттук адабиятыбыздын тээ байыркы мезгилинен тартып азыркы күнгө чейинки үлгүлөрү сөзгө алынып, ар тараптуу талдоолор жүргүзүлгөн. Окумуштуу-адабиятчынын айрым эмгектери Казакстанда, Орусияда, Иранда, Кытайда жарык көргөн.

Белгилүү адабиятчы-илимпоз, тажрыйбалуу педагог Садык Алахан азыр нукура баралына келип, дагы да мыкты эмгектердин үстүндө иштеп жаткан учуру.