Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 25.01.2017 отуруму

002017-жылдын 25-январында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү._КУУнун ректору, аталган кеңештин төрагасы, профессор Чынара Адамкулова алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

1. "Университетте жана окуу түзүмдөрүндө 2016-2017-окуу жылындагы мамлекеттик тилдин абалы жана аны өркүндөтүүнүн жолдору"

2. "2016-жылдагы_илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары жана келечеги жөнүндө"

3. "Факультеттердин декандарын шайлоо боюнча окутуучулардын чогулуштарынын протоколдорун талкуулоо жана бекитүү"

4. Ар түрдүү маселелер

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюгча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев чыгып сүйлөп,_vмамлекеттик тилдин Кыргыз улуттук университетиндеги_абалы,_келечек пландар, мамлекеттик тилде тарбия, билим берүүнүн сапатын көтѳрүү, бардык деңгээлдеги иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү, үгүттѳѳ иштерин активдештирүү, о.э. курстук, дипломдук иштерди жана магистрдик диссертацияларды мамлекеттик тилде жазууну өркүндөтүү ж.б. багыттар боюнча жасалган иштер тууралуу кенен маалымат берди. Проректор о.э. бул багытта жетишкендиктер менен катар айрым өксүктөр да бар экендигин белгиледи.

2016-жылдагы_илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары жана келечеги жөнүндө илимий иштер боюнча проректор Эрмека Лайлиева баяндама жасап, жыл ичинде Илимий-техникалык кеңештин 6 отуруму болуп өткөндүгү, университетте илимий-изилдөөлөр 3 негизги багыттарда (табигый илимдер, КР экономикалык стратегиясы жана коомдук илимдер), 74 тема боюнча жүргүзүлгөндүгү; фундаменталдык илимдер институту тарабынан 20 проект сунушталып, анын 13ү экспертизадан өткөндүгү; Scopus, Web of Science, Thompson, РИНЦ системаларында 20 илимий макала жарыялангандыгы; 2016-жылы 45 ар кандай конференция, анын ичинен 11 эл аралык, 1 республикалык, 7 жождор алалык, 21 илимий, 5 тегерек столдор өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.

Проректордун айтымында, өткөн жылы КУУга жалпы суммасы 3 млн. 553 миң 218 сом өлчөмүндө тышкы гранттар тартылган; 7 доктордук, 21 кандидаттык диссертациялар жакталган. КУУда_физика-математика, химия, экономика, филология, юриспруденция, педагогика, политология жана социология багыттары боюнча 9 диссертациялык кеңештер иштеген.

2016-жылы КУУнун аспирантурасына 59, докторантурасына 1 адам өткөн. "КУУнун жарчысынын" 6 саны жарык көрүп, анда жалпысынан 232 макала жарыяланган. Белгилеп кетчү нерсе, аталган журналдын РИНЦтеги статусу - "аракеттеги журнал".

Мындан сырткары, өткөн жылы КУУда 2 илимий монография, 27 монография, 10 окуу куралы, 45 илимий-методикалык куралдар, 972 илимий макала жарыяланган. РИНЦтин журналдарында КУУнун окумуштууларынын 122, ал эми Scopus-тун журналдарында 2 макала жарыяланган.

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев билдирүү жасап, декандарды шайлоо боюнча 24-январда болуп өткөн факультеттердин_окутуучуларынын чогулуштары тууралуу маалымат берди жана алардын протоколдорун бекитип берүү сунушун киргизди.

КУУнун ректору Чынара Адамкулова аталган маселе боюнча суроолорго жооп берип жатып, шайлоодо жеңишке ээ болгон декандар 2017-жылдын 30-январынан, т.а. эмки дүйшөмбүдөн_баштап_өз милдеттерин аткарууга киришээрин билдирди.

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Алымкул Токтомамбетов окуу акысына жеңилдик берүү боюнча 12 студенттен арыз келип түшкөнү жөнүдө маалымат берип, анын жарымы канааттандырылганын кабарлады. Проректордун айтымында, аталган жеңилдиктер төмөндөгү категориялар боюнча_бөлүштүрүлдү:

  • "Тоголок жетимдер" - 100% жеңилдик (1 студент)
  • "2-3-топтогу майыптар" - 25% жеңилдик_(3 студент)
  • "КУУнун кызматкерлеринин балдары" - 50% жеңилдик (1 студент)
  • "Куунун штаттагы кызматкерлери" - 25% жеңилдик (1 студент)

Жыйындын жүрүшүндө о.э. КУУнун окутуучуларына окумуштуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

press knu 2017