Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеңешинин 29.12.2016 отуруму

002016-жылдын 29-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Окуу иштери боюнча проректор, аталган кеңештин төрагасынын орун басары Урмат Аманалиев алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

1. Структуралык бөлүмдөрдөгү иш жана окуу пландарынын абалы жөнүндө;

2. КУУнун түзүмдөрүн оптимизациялоо тууралуу;

3. Ар түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев чыгып сүйлөп, азыркы учурда бардык факультеттерде кышкы экзамендик сессия аяктоо этабында турганы, окуу процессин ийгиликтүү алып баруунун бирден-бир багыты болуп окуу пландарынын мамлекеттик стандарттын талабына ылайык иштелип чыгуусу болуп эсептелээри, бүгүнкү күнү университетте бекитилген мамлекеттик стандарттардын негизинде кийинки окуу жылына карата окуу пландарын иштеп чыгуу жумуштары жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берди.

КУУнун түзүмдөрүн оптимизациялоо боюнча жумушчу топтун төрагасынын орун басары Кундуз Базакеева күн тартибиндеги 2-маселе боюнча баяндама жасап, кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлунда кабыл алган "Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүү мекемелерин мамлекеттик гранттын негизинде республикалык бюджеттен каржылоонун тартиби тууралуу" №370-токтомун ишке ашырууга байланыштуу жана окуу процессин комплекстүү методикалык камсыздоону жакшыртуу максатында 2017-жылдын 1-январынан баштап Улуттук университеттин түзүмдөрүнүн структурасы жана аларды каржылоонун өлчөмү өзгөрөөрү тууралуу айтып, өзгөрүүгө дуушар боло турган түзүмдөр жөнүндө маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө Дүйшеев Жумакадыр (кыргыз филологиясы факультети) жана Мамбетов Кубанычбек (тарых жана чөлкөм таануу факультети) агайларга "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылып, сыйлыктын тиешелүү атрибуттары тапшырылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин коомдук фондунун өкүлдөрү тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Аскарбек Беделбаевге  "Менин сүйүктүү мугалимим" төш белгисин ыйгарышты.

Окумуштуулар кеңештин мүчөлөрү о.э. КУУнун төмөндөгү кызматкерлерине окумуштуу наамдарды ыйгаруу жана аларды бекитүү үчүн ЖАКка жөнөтүү боюнча добуш беришти:

  • Чыманов Жеңишбек Арыпович - педагогика илимдеринин доктору, филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын профессорунун м.а. - "профессор" окумуштуулук наамына;
  • Касыбеков Эркинбек Шактыбекович - биология илимдеринин доктору, зоология кафедрасынын профессорунун м.а. - "профессор" окумуштуулук наамына;
  • Сыргакова Зиада Амантуровна - юридика илимдеринин кандидаты, жарандык укук жана процесс кафедрасынын доцентинин  м.а. - "доцент" окумуштуулук наамына;
  • Жалиева Бегайым Самидинова - тарых илимдеринин кандидаты, жалпы тарых кафедрасынын доцентинин м.а. - "доцент" окумуштуулук наамына;
  • Сагындыкова Канымбубү - филология илимдеринин кандидаты, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доцентинин м.а. - "доцент" окумуштуулук наамына;

press knu 2016 00