Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

"Экономика-педагогика факультетинин деканынын ваканттык кызмат ордуна конкурс" жөнүндө кулактандыруу (Ош шаары)

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №-346 токтому менен бекитилген "КР жогорку окуу жайларынын окутуучулук–профессордук курамын кызмат орундарына жумушка кабыл алуу тартиби жөнүндөгү жобого" жана "Ж.Баласагын атындагы КУУнун факультеттеринин декандарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобого" ылайык Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети экономика-педагогика факультетинин деканынын ваканттык кызмат ордуна 2016-жылдын 12-декабрынан баштап конкурс жарыялайт:

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер зарыл:

  • ректордун наамына арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • жогорку билими, окумуштуулук даражасы, илимий наамы тууралуу документтеринин кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган көчүрмөлөрү;
  • таржымал;
  • талапкерди сунуштоо жөнүндөгү кафедранын отурумунун протоколунан көчүрмө;
  • жарыяланган илимий жана окуу-усулдук эмгектеринин белгиленген тартипте тастыкталган тизмеси;
  • факультетти өнүктүрүү программасы.

Документтерди жана арыздары берүү мөөнөтү

2016-жылдын 12-декабрынан баштап 2017-жылдын 12 январына, саат 17-00гө чейин

Документтерди жана арыздарды кабыл алуу жайы

Дареги: Ош шаары, Моминов көчөсү 148 а,  № 3 кабинет

Факультеттин деканын шайлоо график боюнча: 23.01.2017

Материал окуу иштери боюнча проректор тарабынан берилди