Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

"КУУнун факультеттеринин декандарынын ваканттык кызмат ордуна сынак жарыялоо жөнүндө" кулактандыруу

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №-346 токтому менен бекитилген "КР жогорку окуу жайларынын окутуучулук–профессордук курамын кызмат орундарына жумушка кабыл алуу тартиби жөнүндөгү жобого" жана "Ж.Баласагын атындагы КУУнун факультеттеринин декандарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобого" ылайык Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети төмөндөгү факультеттердеги декандын ваканттык кызмат ордуна 2016-жылдын 12-декабрынан баштап конкурс жарыялайт:

  • экономика факультети;
  • журналистика факультети;
  • математика жана информатика факультети;
  • эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети;
  • педагогика факультети;
  • кыргыз-кытай факультети;
  • география, экология жана туризм факультети;
  • кыргыз-европа факультети;
  • биология факультети;
  • химия жана химиялык технология факультети;
  • социалдык-гуманитардык илимдер факультети;
  • бизнес жана башкаруу факультети;
  • чет тилдер факультети;
  • мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат факультети;
  • кыргыз филологиясы факультети;
  • юридика факультети;
  • орус жана славян филологиясы факультети;
  • маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети;
  • кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети;
  • физика жана электроника факультети;
  • экономика-педагогика факультети.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер зарыл:

  • ректордун наамына арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • жогорку билими, окумуштуулук даражасы, илимий наамы тууралуу документтердин кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган көчүрмөлөрү;
  • таржымал;
  • талапкерди сунуштоо жөнүндөгү кафедранын отурумунун (факультеттин ОПК жалпы жыйынынын) протоколунан көчүрмө;
  • жарыяланган илимий жана окуу-усулдук эмгектеринин белгиленген тартипте тастыкталган тизмеси;
  • факультетти өнүктүрүү программасы.

Документтерди жана арыздарды кабыл алуу жайы:

  • Дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе к-сү 547, Ж. Баласагын атындагы КУУнун башкы окуу имараты, жалпы бөлүм. 118 ауд.

Документтерди жана арыздары берүү мөөнөтү:

2016-жылдын 12-декабрынан баштап 2017-жылдын 12 январына, саат 17-00гө чейин

Факультеттердин декандарын шайлоо график боюнча 23.01.2017 - 31.01.2017 өткөрүлөт.

Материал окуу иштери боюнча проректор тарабынан берилди