Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеӊешинин 24.11.2016 отуруму

2016-жылдын 24-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, аталган кеңештин төрагасы, профессор Чынара Адамкулова алып барып, төмөндөгү маселелер каралды:

1. КУУдагы эл аралык байланыш бөлүмдүн иштери тууралуу.

2. Келишим бөлүмүндө окуган студенттердин окуусуна жеңилдик берүү тууралуу.

3. Шарттуу түрдө которулган студенттердин жазуу иштеринин текшерүү жыйынтыгы жөнүндө.

4. КУУнун Уставына кирген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо.

5. Ар түрдүү маселелер

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Бакыт Келдибеков чыгып сүйлөп, өзү жетектеген бөлүмдө соңку 9 айда аткарылган иштер тууралуу айтып берди:
 

- Чет өлкөлөрдөн келген 8 волонтер КУУнун окутуучуларына жана студенттерине тил үйрөтүп жатышат. Алар: Түштүк Кореянын жарандары Хёсынг Юн, Джихун Ким, Йонггу Ким, Жеук Ли жана Миок Ким, Түркиянын жарандары Мустафа Йылмаз жана Омер Оздемир, о.э. Кытай жараны Луо Сичжэн. КУУнун ректору 2016-жылдын 27-октябрында аларды Ардак грамота менен сыйлады. Мындан сырткары, АКШ, Франция, Кытай, Германиядан волонтерлорду күтүүдөбүз.

- Биздин студенттер, магистранттар жана окутуучулар ар кандай стипендиялык программаларга катышууда. Мисалы, кыргыз филология факультетинин окутуучусу Жайлообаев Бактыбек 2016-жылдын октябрь айында 14 күнгө, ал эми тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс магистранты Айдарбекова Чынара 1 жылга Турцияга барып келишти.

- 2016-жылдын 5-апрелинде башкы имараттагы 218-кабинетте  жалпы сметалык баасы (ремонт + жабдуулары) 700 миң сом болгон "Түрк тилин үйрөтүү борбору", ал эми 16-сентябрда башкы имараттагы 128, 128А-кабинеттерде жалпы сметалык баасы 1 млн 380 миң сомду түзгөн "Корей борбору" ачылды. Ушул эле жылдын 16-ноябрында Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттиги (ТИКА) тарабынан КУУнун ректоруна табигый багыттагы факультеттерге лабораториялык жабдууларды алуу үчүн  2 млн. 793 миң 120 сомдук сертификат тапшырылды. Мындан сырткары, "Роскызматташтык" агенттиги орус жана славян филологиясы факультетине 10 миң сомдук окуу китептерин берди. Жыйынтыгында, эл аралык байланыш бөлүмү тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан 30-ноябрына чейин КУУга жалпы суммасы 4 млн. 883 миң 120 сомдук инвестиция тартылды. Бул иштер КУУнун ректору, профессор Чынара Адамкулованын жетекчилиги астында ишке ашырылды.

- Аталган мезгилде бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алыскы чет өлкөдөн келген 426 студенттин жана 62 окутуучунун визалык режими узартылып, 573 жаңы келгендер катталды.

- Түштүк Кореянын POSKO программасынын стипендиясына 39 арыз түшүп, мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев жетекчилик кылган атайын комиссия 5 студентти тандап алып, аларга 5 миң доллар өлчөмүндөгү стипендиялар тапшырылды.

- КУУнун 5 студенти 16-июлдан 8-августка чейин Эрзинджан университетинде түрк тилин үйрөнүү курсуна барып келишти.

- КУУнун эл аралык байланыш бөлүмү өтчеттук мезгилде төмөндөгү мекеме, уюмдар менен тыгыз иш алып барды:
  • Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги
  • Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттиги (ТИКА)
  • "Томер" Түрк билим берүү борбору
  • "Себат" эл аралык билим берүү борбору
  • Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги
  • KOICA
  • Бишкектеги Корея билим берүү борбору
  • Россиянын Кыргызстандагы элчилиги
  • Роскызматташтык" агенттиги
  • "Гармония" орус маданий борбору
  • DAAD
  • Ф.Эберт Фонду
  • Кыргыз-Жапон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору
  • Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)..

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Алымкул Токтомамбетов күн тартибиндеги 2-маселе боюнча чыгып сүйлөп, келишим бөлүмүндө окуган студенттердин окуусуна жеңилдик берүү тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, студенттерге социалдык колдоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга, билим берүү жана илим министрлигинин сунуштамасына, КУУнун Уставына, “Келишимдик негизде окуган КУУнун студенттерине социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жобого” жана "Жамааттык келишимге" ылайык жүргүзүлөт.

Ректордун буйругу менен түзүлгөн атайын комиссия жогоруда аталган укуктук-ченемдик актыларга ылайык студенттерден, магистранттардан жана лицейлердин окуучуларынан түшкен 258 арызды карап, төмөндөгүдөй жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуш киргизди:

  • жетим студенттерге: 100% жеңилдик (82 студент - 2 млн. 563 миң 260 сом);
  • I, II, III топтогу майып студенттерге: 50% жана 25% жеңилдик (31 студент - 334 миң 100 сом);
  • 15 жылдан ашкан стажы бар КУУнун кызматкерлеринин балдарына: 50% жеңилдик (60 студент - 948 миң 50 сом);
  • 10 жылдан ашкан стажы бар КУУнун кызматкерлеринин балдарына: 25% жеңилдик (6 студент - 45 миң 500 сом);
  • Дүйнөлүк чемпионатта жана Азия оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон спортсмен студенттерге: 50% (5 студент - 41 миң 500 сом);
“Келишимдик негизде окуган КУУнун студенттерине социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жобого” ылайык келбеген 73 студентке жецилдик берилген жок.

Күн тартибиндеги 3-маселе окуу бөлүмүнүн методисти Саадат Шерматова чыгып сүйлөп, шарттуу түрдө которулган студенттердин жазуу иштеринин текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жасады..

Аталган жазуу иштери 2016- жылдын 17-октярбрынан 22-октябрына чейин өткөрүлүп, ага сабактарды кайталап окуу үчун кредитерди төлөгөн студенттер киргизилди. 1-модуль боюнча жазуу иштерин 725 студенттен болгону 300гө жакын студент гана жазган. Баяндамачы аталган иш-чараны өткөрүү учурундагы кемчиликтер жөнүндө токтолуп, төмөндөгүдөй сунуштарды киргизди:
  • Окутуучулар студенттерди жазуу иштерин баалоо критерийлери менен алдын ала тааныштыруусу шарт
  • Окутуучулар жазуу иштерине баллдарды кызыл сыя менен гана коюшу зарыл.
  • Студенттердин жазуу иштери туура чапталышы зарыл
  • Окутуучулар шартту түрдө которулган студенттердин жазуу иштерин сөзсүз түрдө катуу көзөмөл кылуусу абзел.

КУУнун улук юристи Амантур Осмонов күн тартибиндеги 4-маселе боюнча чыгып сүйлөп, Улуттук университеттин Уставына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө айтып берди. Аталган маселе боюнча Окумуштуу кеңештин мүчөлөрү да жыйын учурунда көптөгөн сунуштарды киргизишти. 

Окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев КУУда орто-кесиптик билим берүү департаментин түзүү жөнүндө сунуш киргизди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Улуттук университет жогорку билим берүү программалырынан тышкары 5 орто кесиптик билим берүү программалары боюнча да адистерди даярдайт. Бул программалар 5 колледжде ишке ашырылат Мындан тышкары, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, кесипке чейинки жана кесиптик билим берүү факультетинде жалпы орто билим берүү программаларын окутуу боюнча гимназия бар. Жогорудагы колледждердин төртөө бүгүнкү күнү факультеттердин курамында. Мисалы, юридикалык факултетте - “юридикалык колледж”, педагогикалык факултетте - “педагогика колледжи”, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо, кесипке чейинки жана кесиптик билим берүү факултетинде - “маалыматтык технологиялар колледжи”, кыргыз-кытай факультетинде - “кыргыз-кытай колледжи”, бешинчи колледж катары - КУУнун кесиптик колледжинин “экономика бөлүмү” эсептелинет.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын “Билим беруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктуна ылайык билим берүү уюмдарынын түзүмдүк курамында филиалдар же башка түзүмдөр болбош керек.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен төмөндөгү сунуш киргизилет:

1. КУУдагы орто кесиптик билим берүү программаларын иретке келтирүү максатында жана “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктун эске алуу менен Кыргыз улуттук университетинде “Орто кесиптик билим беруу жана жалпы орто билим берүү департаменти” түзүлсүн;

2. КУУнун факультеттеринин курамындагы колледждер жана гимназия аталган департаментке каратылсын;

3. КУУнун түзүмдүк курамында өз алдынча юридикалык жак болуп турган кесиптик колледж жоюлсун, андагы “Экономика” бөлүмү орто кесиптик билим беруу жана жалпы орто билим берүү департаментине киргизилсин;

4. Аталган департаменттин директору болуп философия илимдеринин доктору, доцент Эрмек Усекеев, анын орун басары болуп э.и.к, доцент Шаршенбек Сальпиев бекитилсин.

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңештин мүчөлөрү КУУнун төмөндөгү кызматкерлерине окумуштуу наамдарды ыйгаруу жана аларды бекитүү үчүн ЖАКка жөнөтүү боюнча добуш беришти:

  • Бообекова Сайнаке Бообековна - х.и.к., доцент, органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын профессорунун м.а. - профессор наамына
  • Арзыматова Айнура Атыгаевна - т.и.д., жалпы тарых кафедрасынын профессорунун м.а. - профессор наамына
  • Курумшиева Эльмира Ишенбековна - ю.и.к., жарандык укук жана процесс кафедрасынын доцентинин м.а. - доцент наамына
  • Торобекова Тамара Аскаровна - г.и.к., экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын м.а. - доцент наамына.

press knu 2016 00