Түзүм жаңылыктары
Матфактын студенттери "Үркүн" көркөм фильмин көрүп келишти
Матфактын студенттери "Үркүн" көркөм фильмин көрүп келишти
03.11.2016 18:03
Математика, информатика жана кибернетика факультетинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшкө арналган иш-чаралар уланууда. Бул сапар факультетин студенттери «Жал» кичи районунда жайгашкан «Жал» кинотеатрына барып, «Үркүн» көркөм филимин көрүп келишти.
Студенттер кинону көрүп жатып, 1916-жылдагы окуяларга өздөрү катышып жаткандай сезилгенин айтышты. Айрыкча, тасмада чоң-эне тонун жаш балага жаап, өзү тоңуп калганын, аялды карышкыр кекиртектен алганын көрүп жатканда студенттердин арасында ыйлагандар да болду.
Кино аяктагандан кийин студенттер фильмдин продюсери Мухтар Атаналиев, дироктору Эрлан Жамгырчиев жана Эркайымдын ролун аткарган Бишкек шаарынын Бакай-Ата конушунун №85-орто мектебинин 10-классынын окуучусу, келечектеги актриса Эркайым Мирланова менен жолугушуп, аларга чакан белектер тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай суроо-жооптор болуп, ата-бабалар кыргыздын тукумун сактап калыш үчүн аска-зоолорду ашып өтүшкөнүн, канчалаган кыргыздын кырылганын студенттер дагы бир жолу билишти. Негизи, кайсы жол менен кыргыздын идеологиясын жогорку деңгээлге көтөрөбүз деген сөздөр болду.
Биз, математика, информатика жана кибернетика факультетинин активстери, КУУнун бардык студенттерин милдеттүү түрдө «Үркүн» көркөм фильмин көрүүгө чакырабыз.
Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары