

Геофактын студенттери Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейине барып келишти
01.11.2016 10:45
2016-жылдын 28-октябрында география, экология жана туризм факультетинин 3-4 курс студенттери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейине барып, ал жердеги улуттук кийим-кечектердин көргөзмөсүн көрүп, ата-бабаларыбыздын жашоосу менен таанышып, көп маалымат алып келишти.
"Кийиз дүйнө - кыргыз руху" долбоору тарабынан уюштурулган бул иш-чара учурунда кыргыз элинин жашоо-турмушу тууралуу презентация тартууланып, жаш өзгөчөлүк боюнча кийим кечектердин көргөзмөсү болду.
300гө жакын көрүүчүлөр катышкан иш-чаранын соңунда ак таӊдай акын Аалы Туткучев, көргөзмөгө колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр чыгып сүйлөштү. Музейдин биринчи кабатында чет элдик туристтер жана коноктор үчүн чий куурчакты жасоо, жаргылчакты туура колдонуу көрсөтүлүп, элечекти ороонуу боюнча мастер класс өтүлдү.
Студенттер менен кошо аталган көргөзмөдө факультеттин окутуучулары М.Байсеитова жана А.Сатыбалдиева да болушту.
М.Байсеитова - география жана туризм кафедрасынын окутуучусу