

Журфакта 1-курс студенттерин "Тосуп алуу" аземи өткөрүлдү
01.11.2016 10:45
2016-жылдын 28-октябрь күнү башкы имараттагы чоң азем залында журналистика факультетинин 1-курс студенттерин тосуп алуу жана бүтүрүүлөрүн узатуу аземи болуп өттү. Иш-чарага факультеттин жетекчилиги, окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышты.
Факультет деканы Айна Дуйшекеева бардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалоо менен студенттик жылдары алган билимин, тажрыйбасын келечекте колдонуп, бүтүрүүүлөрдүн мыкты адис болушуна тилектеш экенин билдирди.
Бүтүрүүчүлөргө дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылган соң, окутуучулар менен бүтүрүүчүлөр каалоо-тилектерин айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 1-курс студенттери концерттик программа көрсөтүшүп, соңунда бүтүрүүчүлөр эжей-агайлары менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери