Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Матфактын 1-курс студенттери Ж.Баласагындын эмгектери менен таанышты

00Математика, информатика жана кибернетика факультети Табигий илимдер факультеттеринин китептер абономенти менен биргеликте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган кече өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты - 1-курс студенттерине Улуттук университет ысымын алып жүргөн улуу инсан тууралуу маалымат берүү болчу.

Табигий илимдер факультетеринин китептер абономентин жетекчиси Дыйканбаева Токон эже кызыктуу баяндама жасап, улуу ойчулдун математика, физика, астрономия жана башка тармактарда жазган эмгектери жөнүндө айтып берди.

Факультеттин студенттер кеңешинин мүчөсү Токтобек уулу Адилет улуу илимпоз Жусуп Баласагындын чыгармачылык күндөрүн театрлаштырып көрсөткөндө, өзгөчө математика илимине арналган ырын окуганда, студенттер чыныгы Баласагындын өзүн көргөңдөй болушту. Иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Кеченин өтүшү мамлекеттик тилдин кызматын күчөтүүгө жана факультет студенттеринин кеп маданиятын өркүндөөтүүгө чоң түрткү берди.

01

02

03

04

05

Усаров Нурмухаммед - факультеттин студенттер кеңешинин төрагасы