Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеӊешинин 25.10.2016 отуруму

002016-жылдын 25-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы биринчи отуруму болуп өттү. КУУнун ректору, аталган кеңештин төрагасы, профессор Чынара Адамкулова алып барган бул жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

1. "Окумуштуулар кеңешинин 2016/2017-окуу жылына иш планын бекитүү";

2. "2015/2016-окуу жылындагы жайкы экзамендик сессиянын, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жана студенттерди которуу жана калыбына келтирүү боюнча комиссиянын жыйынтыктары";

3. "2016/2017-окуу жылына КУУга кабыл алуунун жыйынтыктары";

4. "КУУнун факультет декандарын шайлоо жана шайлоону уюштуруу комитетинин курамын бекитүү";

5. "КУУнун уюштуруу–башкаруу структурасын мындан ары оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар";

6. "КУУнун Ош шаарындагы филиалын кайра өзгөртүп түзүү";

7. Ар түрдүү маселелер.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча окумуштуу катчы Гульзыйнат Аркабаева чыгып сүйлөп, КУУнун Окумуштуулар кеңешинин 2016/2017-окуу жылына иш планы тууралуу айтып берди.

Окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев "2015/2016-окуу жылындагы жайкы экзамендик сессиянын, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын жана студенттерди которуу жана калыбына келтирүү боюнча комиссиянын жыйынтыктары" жөнүндө баяндама жасады.

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов чыгып сүйлөп, "2016/2017-окуу жылына КУУга кабыл алуунун жыйынтыктары" тууралуу айтып берди.

"КУУнун факультет декандарын шайлоо жана шайлоону уюштуруу комитетинин курамын бекитүү" жнүндө КУУнун ректору Чынара Адамкулова жана окуу иштери боюнча проректор Урмат Аманалиев кенен-кесири айтып беришти.

Күн тартибиндеги 5-маселе боюнча философиялык илимдер жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультетинин деканынын м.а. Кубаныч Ибраев жана педагогика факультетинин деканынын м.а. Адылбек кызы Гулназ чыгып сүйлөшүп, өздөрү жетектеген түзүмдөрдү оптималдаштыруу боюнча сунуштарын айтышты. Кызуу талкууну жараткан бул маселе боюнча Окумуштуулар кеңешинин токтомуна негизделген ректордун буйругу менен бул жерден таанышууга болот.

"КУУнун Ош шаарындагы филиалын кайра өзгөртүп түзүү" тууралуу баяндаманы улук юрист Амантур Осмонов жасады. Бул маселе боюнча да көптөгөн пикирлер айтылып, жыйынтыгында КУУнун Ош шаарындагы филиалын факультет кылып кайра түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

pr 412 01

pr 412 02

press knu 2016 00