Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педфактын студенттери театрга барып, спектакль көрүп келишти

002016-жылдын 21-октябрында педагогика факультетинин деканынын орун басарлары Жолочиев Самат менен Шарабидинов Мирбек баштаган студенттер тобу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына барышып, "Бакбергендин балпайган бактысы" аттуу спектаклди көрүп келишти.

Башкыр драматургу Флорид Буляковдун калеминен жаралган трагикомедияда карылар үйүндө жашаган төрт курбу-байбиче Жаңы-Жыл алдында: “Үстүбүздө үйүбүз, жаныбызда жаман абышкабыз болсо эмне?” - деп кыялданышат, ал эми токойдогу үйүндө жалгыздыктан тажаган карыя болсо өзүнө ылайык кемпир караштыруу үчүн карылар үйүнө Аяз Ата болуп келип калат. Төрт курбу-байбиченин кыялдарын угуп, алардын баарын өз үйүнө алып кетет...

Чыгарманы кыргызчага которгон – Э.Турдубекова, койгон режиссер – Замира Аклаева.

01

02

03

Автордук укукту сактоо максатында спектаклден алынган сүрөттөр коюлган жок.

press knu 2016 00