Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигине 20 жыл!

002016-жылдын 21-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигинин (багытынын) ачылгандыгынын 20 жылдыгына карата «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат: кечээ, бүгүн жана эртең” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Иш-чараны факультет деканы Кундуз Базакеева ачып, мындан 20 жыл мурун өлкөбүздөгү саясат таанучулардын жол баштоочусу Аалыбек Акуновдун демилгеси менен Кыргыз улуттук университетинде “Мамлекеттик кызматты жана саясий илимдерди стратегиялык изилдөө борбору" түзүлүп, анда жогорку квалификациялуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо башталганын айтты.

- 1999-жылдын 8-апрелинде аталган борбор КУУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен “Мамлекеттик башкаруу жана социалдык институту” болуп кайра түзүлгөн, ал эми 2001-жылы “Философия жана мамлекеттик башкаруу факультетине" айланган, - деп улантты сөзүн Кундуз Базакеева. - Факультеттин түптөлүшүндө, өнүгүп өсүшүндө социалдык-гуманитардык илимдердин көрүнүктүү өкүлдөрү болгон белгилүү окумуштуулар А.Акунов, М.Артыкбаев, А.Тишин, М.Шеримкулов, К.Бектурганов, Киютин, И.Искаков сыяктуу профессорлор, Н.Ашыралиев, К.Базакеева, Э.Мамбеталиева, Ибраева сыяктуу доцент, ага окутуучулардын эмгеги зор.

- Өлкөбүз эгемендигикке ээ болгондон тартып “мамлекеттик кызмат” түшүнүгү пайда болду жана бул багытта жогорку билимге ээ болгон кадрларды даярдоо маанилүү маселеге айланды. Буга чейин мамлекеттик кызматта ар кайсы кесиптин ээлери иштеп келишкен, азыр деле иштеп келишүүдо. Бирок, “чымчык сойсо да касапчы сойсун” дегендей, мамлекеттик башкаруу системасында иштеген кызматкерлердин да саясий башкаруучулук багытында атайын билими, адистиги болуш керек. Анткени, мамлекеттик башкаруу жаатында атайын билимге ээ болгон, теориялык жактан даярдыгы күчтүү адистерди даярдоо - окуу жай үчүн эле эмес, мамлекет үчүн да стратегиялык мааниге ээ - деп белгиледи факультеттин деканы..

Кундуз Базакеева андан ары төмөндөгүлөргө токтолду:

- 2010-жылдын октябрь айында “Философия жана мамлекеттик башкаруу факультети" Окумуштуулар кеңешннин чечими менен “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети” болуп кайра түзүлүп, эл жүгүн аркалайм деген студенттерге билим берип келет. Учурда факультетте “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” жана “Экономиканы мамлекеттик тескөө” деген 2 кафедра иш алып барат. Факультетте 500гө жакын студент бюджеттик жана бюджеттик эмес негизде билим алышууда,

- Жыйырма жыл аралыгында 2 миңден ашык адистер даярдалды. Алар өлкөбүздүн баардык аймактарындагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, министирликтерде, агенттиктерде, акимчиликтерде, обладминистрацияларда, о.э. Өкмөттүн, Президенттин аппаратында, Жогорку Кеңеште жана бизнес чөйрөсүндө жигердүү эмгектенип жатышат. Алардын кээ бирлери бүгүнкү иш-чарада катышып отурушат.

- Учурда факультетте бардыгы болуп 20 окутуучу, анын ичинде 1 доктор, 6 илимдин кандидаты эмгектенүүдө. Акыркы жылдары монография, 4 окуу китеби, окуу-методикалык колдонмо жана 50дөн ашык макалалар жарык көрдү. Түздөн-түз мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында И.Искаковдун, К.Базакееванын, Г.Нурматованын, Ч.Сыдыкбаевдин диссертациялык иштери корголду.

- Факультет мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында да өтө бай тажрыйбага ээ. Бул багытта факультет Мамлекеттик кадр кызматы менен тыгыз иш алып барат.

КУУнун ректору, профессор Чынара Адамкулова аз убакыт болсо да, көп иш аткарган факультеттин эмгек жамаатын 20 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, бул аралыкта көптөгөн жаштар мамлекеттик кызмат боюнча билим алып, өлкөбүздүн калыптанышына көзгө толумдуу салым кошуп жатканын белгиледи жана жыйындын катышуучуларына бекем ден-соолук, үй- бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалады. Куттуктоодон кийин ректорат мүчөлөрү факультет деканына чакан белектерди таршырды.

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигинин (багытынын) ачылгандыгынын 20 жылдыгы менен факультет жамаатын о.э. УИАнын философия жана укук институтунун директору, ф.и.д. профессор О.Тогусаков, КР ГАМСУМОнун административдик жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы А.Султакеева, КУУнун мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Н.Алымкулов, о.э. КУУнун факультеттеринин декандары жана мааракеси өтүп жаткан факультеттин ар кайсы жылдагы бүтүрүүчүлөрү куттукташты.

Жыйындын андан аркы бөлүгүндө төмөндөгү докладдар окулду:

  • И.Искаков - КУУнун башкаруу жана бизнес факультетинин деканы, э.и.д., профессор: “Развитие управленческих навыков студентов как важнейшее составляющее профессионализма на государственной службе”;
  • Н.Бегалиева – КР Мамлекеттик кадр кызматынын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы: “”Состояние и перспективы развития государственной службы в Кыргызской Республике”;
  • Х.Абдужабаров – БГУнун мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана менеджмент кафедрасынын башчысы: “Подготовка государственных и муниципальных служащих в БГУ им.К.Карасаева: проблемы и перспективы”;
  • Д.Сматов – КСДП парламенттик фракциясынын секретариатынын сектор башчысы: “Внедрение информационных технологий в государственное управление”.

«Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигинин (багытынын) ачылгандыгынын 20 жылдыгына арналган тегерек стол факультеттин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган чакан концерт менен жыйынтыкталды.

press knu 2016 00