

ФИжСПТ факультетинде "Билге" интеллектуалдык оюну өттү
13.10.2016 14:45
2016-жылдын 13-октябрында философиялык илимдер жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультетинин студенттери арасында «Билге» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Иш-чаранын демилгечилери - "Инсандык өнүгүү" клубунун өкүлү Табылды Муратбеков жана тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаменттин башчысы Нургазы Майрыков.
Интеллектуалдык оюнга 5 команда катышып, “Социалдык иш” багытынын 3-курс студенттери жеңүүчү болуп аныкталды. Ар түрдүү предметтер боюнча суроолорду камтыган оюндун финалдык туру ноябрь айында факультеттер арасында өтөт.
Иш-чара катышуучулардын арасында кызыгууларды жаратты. Оюндун аягында студенттер тарабынан уюштуруучуларга ыраазычылык сөздөр айтылды.
Батма Кошбакова – илимий иштер боюнча декандын орун басары