Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Педфактын 1-курс студенттери "Ата-Бейит" комплексине барып келишти

00Педагогикалык факультеттин 1-курс студенттери "Тарых жана маданият жылы", о.э. Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине экскурсияга барып келишти. Факультет жетекчисинин орун басарлары Жолочиев Самат менен Шарабидинов Мирбек студенттерге мемориалдык комплекстин курулуш тарыхы, ал жерде көмүлгөн улут каймактары тууралуу айтып беришти.

Аталган иш-чара факультет деканынын м.а. Гулназ Адилбек кызынын демилгеси менен ишке ашырылды.

 
Шарабидинов Мирбек - тарбия иштери боюнча декандын орун басары