Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
МИК факультетинин активдүү студенттери отчет беришти


МИК факультетинин активдүү студенттери отчет беришти
17.10.2016 12:00
Математика, информатика жана кибернетика факультетинин активдүү студенттери тарых жана маданият жылына арналган иш-чаралардын жыйынтыгын баяндашты. Алар өлкөбүздүн түштүгүнө, т.а. Баткен облусуна жасаган саякатын слайд-шоу аркылуу көрсөтүштү.
Баяндамада студенттер сейрек кездешүүчү "Айгүл" гүлүнүн тарыхы, "Баткен өрүгүн" башка жерде өстүрүүдө даамы жоголоору тууралуу айтып беришти. Активистер жаратылышыбыздын кооздугун өз көздөрү менен көрүп, таасирленишти.
Мындай саякат студенттедин өз мекенин сүйүүсүн, патриоттук сезимин чындоого жана элибизге татыктуу жаран катары кызмат кылууга чоң түрткү берет.
Усаров Нурмухаммед – факультет студкеңешинин төрагасы.