

ЭАМжЧТ факультетинде мамлекеттик тилдин ролу талкууланды
14.10.2016 18:34
2016-жылдын 14-октябрында Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде “Кыргыз Республикасын чыңдоодо мамлекеттик тилдин ролу” аттуу кече болуп өттү. Кечеге КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Назаркул Ишекеев, “Кыргыз тили" коомунун президенти Раимжан Курбановдор катышты.
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 Жарлыгы менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын” ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн иш-чара аталган факультеттин деканы, профессор Ырыс Алжамбаевна, филология илимдеринин кандидаты Женишгүл Абдырасулова жана ага окутуучу Медина Мырзанаева тарабынан уюштурулду.
Кеченин негизги максаты – терминдердин, иш кагаздардын аталыштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиясынын кароосуна киргизүүнү, бирдей тартипте колдонууну, иш кагаздарды жүгүртүүнү бирдей системага келтирүүнү, мындан ары да өз ара кызматташып, биргелешип иш алып барууну колго алуу болду.
Кыргызды дүйнө элине кыргыз кылып таанытып турган эң негизги белгиси анын тили, башкача айтканда – кыргыз тили экендиги айныгыс чындык. Муну эч кимибиз тана да албайбыз. Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деген макам алгандыгына быйыл 27 жылдын жүзү болду. Чейрек кылымдан ашык убакыт өтсө да, бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздө мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси боюнча көйгөйлөрдү айтып, анын өнүгүшүнө ар кандай шарттарды түзүп, ар кандай ченемдик актыларды чыгарып, кыскасы болгон аракетибизди жумшап эле келе жатабыз. Ушунча убакыттан бери мамлекеттик тилибизди өнүктүрө албай келе жаткандыгыбызга балким ар бирибизде мекенчилдик, тилге болгон сый-урмат, аны сүйө билүү, урматтоо сезими аздык болуп жатабы же дагы башка себептери барбы айтор белгисиз.... Кыскасы, дагы деле мамлекеттик тилибизди өз деңгээлинде өнүктүрө албай келе жаткандыгыбыз сезилип турат.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууда Эл аралык мамилелержана чыгыш таануу факультети тиешелүү иш алып барууда.
Кеченин жүрүшүндө учурда колдонулуп жаткан терминдердин, иш кагаздардын аталыштарын бирдей тартипте колдонуу, мындан ары өз ара кызматташып, биргелешип иш алып барууну колго алуу ж.б. маселелер козголуп, кызуу талкуулар жүргүзүлдү. Кеченин катышуучулары өздөрүнүн мекемелериндеги тил маселелери боюнча көйгөйлөрдү жана аткарылып жаткан артыкчылыктарын айтып, омоктуу ойлорун ортого салышты. Кеченин аягында атайын резолюция сунушталып, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу маселеси да көпчүлүк тарабынан колдоо тапты. Кеченин катышуучулары тарабынан колдонулуп келген атоолорду бирдейлештирип, Терминологиялык комиссиясында бекитип, иш кагаздардын үлгүлөрүн бирдей тартипке келтирүү зарыл экендиги белгиленди.
Мындан тышкары белгилеп кете турган багыттар мамлекеттик тилди жайылтууну, өнүктүрүүнү колго алуу максатында, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Республикалык “Кыргыз тили” коому менен тыгыз байланышта иштер жүргүзүлүп тургандыгын белгилеп кетебиз.
Жеңишгүл Абдырасулова -
факультеттин ага окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты