Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

ББФте “Тил - улуттун эн тамгасы” аттуу иш-чара өткөрүлдү

002016-жылдын 14-октябрында башкаруу жана бизнес факультетинде мамлекеттик тил күнүнө карата “Тил - улуттун эн тамгасы” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Жыйынга мамлекеттик тил бөлүмүнүн адистери, факультет жетекчилери, кафедра башчылары, жалпы окутуучулары жана студенттер катышты.

Иш-чара Мамлекеттик гимн менен ачылып, ардагер окутуучу Куштарбек Мамытов, мамлекеттик тил бөлүмүнүн адистери А.Казакбаева, Р.Жолдошева сөз сүйлөштү.

Салтанат студенттердин тил жөнүндө көркөм окуулары, ыр, бий, манас айтуулары, комуз чертүүлөрү менен уланып, катышып отургандарга майрамдык маанай тартууланды.

Жыйындын аягында дил баян жана дубал гезиттер сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйлыктар жана сыйлоо баракчалары менен сыйланды.

Уюштуруучулар:

  • Токтогулова Сагида, Жусупкелдиев Кадыржан - ага окутуучулар
  • Кадырбердиев Эрмек - декандын орун басары.