Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Кыргыз филологиясы факультетинде “Билге” оюну болуп өттү

002016-жылдын 12-октябрында кыргыз филологиясы факультетинде КУУнун “Инсандык өнүгүү клубу” тарабынан уюштурулган “Билге” интеллектуалдык оюну болуп өттү. Оюнга 1-2-курстун алдынкы студенттеринен куралган 4 команда жана аларды колдоп келген студенттер катышты.

Интеллектуалдык оюн 2 турдан туруп, анын алкагында логикалык суроолор узатылды. Факультет ичиндеги таймаштан жеңген команда факультеттер аралык оюнда ат салышат. Оюндун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 1-орун: “Филологдор” тайпасы
  • 2-орун: “Билги” тайпасы
  • 3-орун: “Википедия” тайпасы
  • 4-орун: “Билим” тайпасы.

Таймаштын максаты - студенттерди ар тараптан изденүүгө, бош убактыларын билим алууга, интеллектуалдуу студенттерден болушуна жана өзүн өзү өнүктүрүүгө шыктандыруу.

Материалды даярдаган:

altТоктакунова Медина -

кыргыз филологиясы

факультетинин

2-курс студенти