

Физфактын студент, окутуучулары академик Ж.Ж.Жээнбаевди эскеришти
30.09.2016 14:35
2016-жылдын 30-сентябрь күнү саат 15:00дө А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада академик, профессор, физика жана математика илимдеринин доктору Жээнбаев Жаныбек Жээнбаевичтин 85-жылдыгына карата илимий эскерүү болуп өттү. Иш-чарага физика жана электроника факультетинин студенттери, окутуучулары барып келишти.
Алгач Ж.Жээнбаевдин өмүр баяны, илимдеги басып өткөн жолу, илимий наамдары, эмгектери ж.б. чагылыдырылган слайд көргөзүлдү.
Андан соң анын замандаштары жана кесиптештери Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Жумагул Сааданбеков, Аманбек Жайнаков, Аскат Абдылдаев Аскат, Каныбек Осмоналиев ж.б. өз эскерүүлөрүн айтышты. Алар Жаныбек Жээнбаевичтин илим жаатындагы эмгектери менен катар эле анын адамдык сапаттарын айтышып, эскерип өтүштү.
Жыйынга барган студенттерге бул иш чаранын таасири чоң болду. Алардын илим билимге болгон кызыгуулары артып, өзгөчө бир дем менен, толкундоолор менен отургандары байкалып турду.
Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант