

Физика жана электроника факультетинде кош майрам!
30.09.2016 14:34
2016-жылдын 30-сентябрь күнү физика жана электроника факультетинде кош майрам белгиленди. Бири - “Мугалимдер күнү” болсо, экинчиси - “Карылар күнү”. Иш-чаранын негизги бөлүгүн мугалимдерге арналган көркөм окуулар жана обондуу ырлар түздү.
Декандын орун басары Элизат Бакирова кадырлуу, сыйлуу мугалимдердин баарын кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Анын айтымында, "Мугалим берген билим, таалим-тарбия эбегейсиз зор алкышка татырлык".
Факультеттин окутуучуларына жазылган каалоолор атайын слайд болуп жасалып, экрандан көрсөтүлүп турду. Бийчилер - бийин, ырчылар - ырын ырдашып, иш-чара өз нугу менен өттү.
Учурдан пайдаланып, факультеттин жамааты Улуттук университеттин окутуучуларын кесиптик майрамдары менен куттуктап кетмекчибиз. Ар бир жасап жаткан эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, ишиңиздерде ийгилик жылмайып турсун!
Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант