

Журфактын доценти Абдыганы Халилов 60 жашта!
05.10.2016 08:50
Адам баласы үчүн өзүнүн турмушунда белгилүү бир этапты басып өткөн соң, “Мен эмнеге жеттим, эмне иштерди жасадым? – деп отчет берчү мезгил келет эмеспи. 37 жылдан бери Улуттук университетинде кызмат өтөп келе жаткан журналистика факультетинин доценти, КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Абдыганы Халилов быйыл 60 жашка толуп турган кези.
Ушул жылдардын ичинде агайдан билим алып кеткен студенттердин арасынан чыныгы профессионалдык чеберчилиги, чыгармачылык интеллекти менен жалпы журтка белгилүү болгон мыкты журналисттер, жазуучулар, акындар, ЖМК жетекчилеринин жоон тобу өсүп чыкты десек жаңылышпайбыз.
Бул жылдардагы жетишкендиктери тууралуу агай төмөндөгүлөргө токтолду:
- Мынакей, кудай буюруп 60 деген жашка чыгып, артымды кылчайып карасам, өкүнө турган нерсе жок экенине ынанам. Бул жылдар мен үчүн бош, пайдасыз өткөн жок. Мен окуткан студенттер өзүнүн эмгеги менен жогорку деңгээлге жетип, журналисттик чеберчилиги менен баар таап, жолуккан жерден “агай” деп кайрылып отурганынын өзү эле жакшы, сыймыктуу, кубана турчу нерсе. Анткени педагогдун турмушундагы, табиятындагы нерсе ушул болсо керек – анын окучуулары ийгиликтерге, жетишкендиктерге жетип, элдин оозуна алынып, таанылып олтурса ал сен үчүн - сыймык. Кудайга шүгүр, менде сыймыктана турган окуучуларым, студенттерим көп. Турмуштагы жетишкендиктеримдин бири мына ушул.
- Жеке турмушум да кудайга шүгүр. Уул-кыздарым бар. Ар бири жакшы билим алышып, өзүнүн адистиктери менен жакшы жумуштарда иштеп жатышат. Учурда 7 неберем бар. Алар да өзүнчө сыймык, ырахат, куч-кубат тартуулоочу жан болушат экен.
- Санкт-Петербургдан окуумду бүтүп келээрим менен, б.а. эки жумадан кийин окуутуучу болуп жумушка киргем. Ошол убактан бери мына ушул университетте агарып-көгөрүп келе жатам. Демек, менин багынткан ийгиликтерим, жетишкендиктерим ушул университетте жаралып, түзүлүп, бүттү десем болот. Менин тагдырым, турмушум ушул университет менен байланыштуу. Ал баардыгына күбө.
Урматтуу Абдыганы Дарманбекович!
Журналистика факультетинин жамааты сизге чын ден-соолукта ак кызмат өтөп жүрө беришиңизди, ары татаал, ары түйшүктүү, жоопкерчилиги күчтүү ишиңизде ийгилик, үй бүлөңүзгө барчылык, ынтымак ырашкерлик каалайт! Кутман курагыңыз кут болсун!
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери