Бардык жаңылыктар
Түзүм жаңылыктары
ККЖКДжККЧББ факультетинде "Мугалимдер күнү" белгиленди


ККЖКДжККЧББ факультетинде "Мугалимдер күнү" белгиленди
30.09.2016 14:33
2016-жылдын 30-сентябрь куну №7-окуу имаратынын алдындагы аянтчада Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо, кесиптик жана кесипке чейинки билим беруу факультети "Мугалимдер күнүнө" карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин студенттер кеңеши тарабынан уюштурулган чакан концерт көрсөтүлүп, комуз күүлөрү, ыр, бийлер аткарылды. “Мугалим, эжей” деген ырды аткаруу учурунда айлана өзгөчө бир шаңга бөлөнүп, мугалимдер менен окуучулар шатыра-шатман кол чаап, чогуу ырдап жатышты.
Концерттин соңунда факультеттин мугалимдерине арналган чакан белектер таратылды.
Гулмира Тавинтеева – маалымат технологиялары колледжинин башкы адиси