

Геофактын студенттери эки күндүк туристтик слетко катышып келишти
29.09.2016 13:32
География, экология жана туризм факультеттинин "Туризм" багытындагы 1-2-3-курс студенттери менен окутуучулары «Кыргызстандын жөө туризм бирикмеси» уюштурган эки күндүк туристтик слетко катышып келишти. Иш-чарага жалпысынан 31 студент жана 5 окутуучу катышты.
24-сентябрь күнү слеттун катышуучулары Кыргыз Ала-Тоосундагы Көл-Төр капчыгайына барып, палаткаларды тигип, жайгашкан соң, уюштуруучулар тарабынан даярдалган сынактар башталды. Мисалы: жаратылыштын кооздугун чагылдырган фото/видео сынагы; туризм тууралуу сценка же миниатюра; туристтик тамак сынагы; гитара менен коштолгон туристтик ырлар сынагы; жөө жүрүш; «TUK» чокусуна чыгуу (3715 м) ж.б.
Андан сырткары палаткаларды туура жана тез орнотуу, багыттоо, агын суулардан өтүү, аркандарды байлоо жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө конкурстар болуп, лекциялар окулду.
Иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин, Орус-славян университетинин, Кыргыз мамлекеттик университетинин, Борбордук Азиядагы америка университетинин студенттери жана окутуучулары, о.э. Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин мугалимдери дагы катышты.
Слетто студенттер жөн гана капчыгайды көрүп келбестен, өздөрү үчүн көптөгөн керектүү маалыматтарды алышып, иш-чарага катышкан университеттердин ар кайсы улуттагы студенттеринин арасынан досторду таап, кыргыз жергесинин жаратылышы кооз экендигине дагы бир жолу ынанып келишти. Алар капчыгайда эс алуу менен бирге, анын экологиялык абалына да кам көрүп, таштандылардан тазалашты. Эӊ көпт аштанды чогулткан тайпаларга белектер тапшырылды.
«ТUK» (3715 м.) чокусун багындырган 13 катышуучунун катарында факультеттин активдүү студенттери Токтобаев Жоомарт менен Насиров Нурсултанга белектер ыйгарылды. Студенттерди жетектеп барган факультеттин окутуучулары Сатыбалдиева А.Т, Байсеитова М.Р, кафедранын инженери Асанова Н.Т, ГИС лабороториясынын инженерлери Бейшенов А.Н жана Муканбет у. С. «мыкты кураторлор жана жетекчилер» деген наамга ээ болушту. Төр-Көлгө жөө жүрүшкө катышууда факультеттин студенттери 3-орунга ээ болушту. Албетте, жүрүш учурунда от жагылып, туристтик ырлар ырдалды.
25-сентябрь күнү туристтик слетттун 50 катышуучусу «Кыргызстандын туристи» деген төш белги тагынышты. «Эӊ жаш турист» деген наамга 2 жаштагы Айдар деген бөбөк ээ болсо, 66 жаштагы корей улутундагы мистер Ли "Эӊ улуу катышуучу" деген наамга ээ болуп, «Кыргызтандын туристи» деген төш белги менен сыйланды.
Ар бир катышуучуга эсте калаарлык белектер тапшырылып, жалпы сүрөткө түшкөндөн кийин туристик слет расмий түрдө жабык деп жарыяланды.
М.Байсеитова - экономикалык география жана туризм кафедрасынын окуутучусу