Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Математиктерди кыргыз тилинин эртеңкиcи ойлондурат

00Математика, информатика жана кибернетика факультетинде Тил күнүнө арналган «Кыргыз тилинин эртеңкиси ойлонтот» аттуу кече болуп өттү. Иш чаранын катышуучуларын мамлекеттик тил майрамы менен факультеттин деканынын м.а. Темиров Бекжан жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Мырзагулова Динара куттукташты.

- Эң башкысы - кыргызды бүткул дүйнөгө таанытып жаткан эне тилибиз эч качан өчпөсүн жана өчүрбөйлү, - деп аяктады өз сөзүн Бекжан Темиров.

Кеченин жүрүшүндө студенттер кыргыз тилине карата улуу сезимдерин өз таланттары менен чагылдырышты. Концерттик программада жаш-муундарга элдик макал-лакаптарды кеңири жайылтуу максатында кыргыз оюну «Сармерден» көрсөтүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул кече студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн дагы бир жолу ойготту.

01

02

03

04

05

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюнча декандын орун басары