Шейшемби, Апрель 22, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физфакта "Мамлекеттик тил күнүнө" карата маданий иш-чара өткөрүлдү

00"Мамлекеттик тил күнүнө" карата физика жана электроника факультетинде да маданий иш-чара өткөрүлдү. Декандын м.а. доцент Шаршен Жусупкелдиев студенттер менен окутуучуларды тил майрамы менен куттуктап, "Кыргыз тили ар бир кыргыз үчүн улуу жана ыйык болуп, кайсы жерде болбосун жаңырып турушу керек" деп белгиледи жана жалпы жамаатты тилди сүйүүгө жана урматтоого чакырды.

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бакирова Элизат да жыйындын катышуучуларын "Мамлекеттик тил күнү" менен куттуктап, студенттерге "эч качан башка тилде сүйлөбөй, ар дайым эле кыргыз тилинде сүйлөгүлө дебеймин, бирок тилибизди урматтап, даңктап жана сыйлайлы", - деп кайрылды.

Куттуктоолордон кийин факультеттин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа башталып, Эсенгул Ибраевдин “Улут болсом тилим менен улутмун” деген ыры көркөм окулду, комуз, аккордеондун коштоосунда обондуу ырлар жаңырды, бийчи кыздар кыргыз бийин бийлешти.

Жыйынтыктап айтканда, бул майрам факультетте жогорку деңгээлде белгиленип, отурган элдин маанайын көтөрдү.

Материалды даярдагандар:

  • Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант
  • Төлөгөн уулу Мирбек - ага лаборант.