Ишемби, Апрель 26, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Журфакта “Мамлекеттик тил күнүнө" карата иш-чара өткөрүлдү

002016-жылдын 22-сентябрь күнү башкы корпустагы кичи жыйындар залында журналистика факультети тарабынан “Мамлекеттик тил күнүнө" карата чакан иш-чара өткөрүлдү. Факультет деканы Айна Дуйшекеева куттуктоо сөзүн айткан соң, 1-курс студенттери келген меймандарга боорсок ооз тийгизишти.

Иш-чаранын концерттик бөлүгүндө студенттер кыргыздын ырым-жырымдарын көрсөтүштү. Мисалы, "Бешик терметүүнү" 1-курс студенти Наргиза Молдобаева аткарып, аны “Алдей” ыры менен коштоду.

Майрамдык кеченин жүрүшүндө о.э. бата берүү, ыр ырдоо, кыргыз тили боюнча сурамжылоо, улуттук бийлерди аткаруу жана Манас айтуу болду. Белгилей кетсек, Жумабай Исмаилов менен Акмарал Анарбекова айткан "Манас" иш-чаранын мыкты номери катары бааланды. “Улуу көч” жана “Кара жорго” бийлери да эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Салтанаттуу иш-чара "Кыргызстаным" ырынын хор түрүндө аткарылышы менен аяктады.

Туратбекова Жылдыз-  журфактын пресс-борборунун кызматкери