Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

КДКЖжКЧББ факультетинде "Мамлекеттик тил күнү" белгиленди

002016-жылдын 23-сентябрында Кадларды даярдоо, кесибин жогорулатуу жана кесипке чейинки билим берүү факультетинде «Мамлекеттик тил күнүнө» карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Жыйындын башында Кыргызстандын Мамлекеттик Гимни ойнолуп, Мамлекеттик Туусу көтөрүлдү.

Факультет деканынын милдетин аткаруучу, б.и.к., доцент Алайбек Шамшиев кыргыз тили - эң байыркы тилдерден экенин, бул улуу тилде аталарыбыз Манас, "ХХ-кылымдын Гомери" аталган манасчы Саякбай, Алымбек датка, Курманжан датка апабыз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Тулебердиев, о.э. Искак Раззаков жана башка улуу инсандар сүйлөшкөнүн белгиледи. Анын айтымында, эне тилибиз тууралуу америкалык илимпоз Каннен Катинер "Дүйнө тилдери" деген китебинде “.....түрк тилдеринин ичинен эң байыркысы - кыргыз тили. Ал тилдеги жазма эстеликтер мындан 2 миң жыл илгери эле кезигет", - деп жазган.

- Урматтуу коллегалар, студенттер жана коноктор! - деп улантты сөзүн Алайбек Шамшиев, -  Бүгүнкү күн “мен кыргызмын” дегендердин баары үчүн эң чоң майрам болуп эсепетелет. Биздин бабаларыбыз көп кылымдар бою улуу эне тилибизди  сактоо менен мамлекетибиздин түптөлүп, бекемдөөсүнө зор салым кошушту. Эми, биз дагы кыргыз тилин сактоо, урматтоо жана даңктоо менен гана Кыргызстанды болочок муундарга өз алдынча тили, каада-салты бар мамлекет катары жеткире алабыз.

- Мен кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз тилинде сүйлөп, "Мен - кыргызмын" деп айтууга татыктуу болгонума сыймыктанам. Бугүнкү майрамыбыз кут болсун! Жашасын кыргыз тили! Жашасын кыргыз эли! - деп сөзүн жыйынтыктады факультет деканынын милдетин аткаруучу.

Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин алдындагы гимназиянын окуучулары кыргыздын “Кыз узатуу”, ”Бешикке салуу” ж.б. каада-салттарын театрлаштырылып көрсөтүштү жана кыргыз тилине арнап өздөрү жазган ыр саптарын көркөм окуп беришти.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда жыйындын жалпы катышуучулары "Кыргыз тилинин гимнин" ырдашты. Алайбек Шамшиевдин айтымында, аталган гимн Мамлекеттик тилге байланыштуу жыйындарда эле эмес, факультеттеги гимназия жана колледждеги кыргыз тили боюнча ар бир сабактын башында аткарылат.

press knu 2016 00