

Журфактын студенттери белгилүү акын Карбалас Бакиров менен жолугушту
20.09.2016 09:15
2016-жылдын 17-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика факультетинин студенттери белгилүү акын Карбалас Бакиров менен жолугушту. Факультет деканы Айна Дуйшекеева студенттерди акын менен тааныштырып, маалымат берген соң, студенттер ар кыл темада суроолорду гана бербестен, өз калеминен чыккан ырларды окуп берип, акындын сын-пикирлерин да угушту.
Окулган ырлардын ичинен акын төмөнкү ырларга өзгөчө көңүлүн бурду.
Ушулбу замандын бузулганы?
Жаныбек уулу Бектур (1-курс)
Улуулардын айтканы угулбады,
Урушуп эрди-катын уктабады.
Уулуң кетип чет жерге жумуш издеп,
Ушул жерде өз жанын бага албады.
Ушулбу замандын бузулганы?
Улуулар өз насаатын айта албады,
Кыска кийип кыздарың тайраңдады.
Аталар акылын айта алышпай
Сөз байлыгын жоготуп алышканбы?
Ынтымак жоголуп үй бүлөдө,
Кел дебей кет деди келе бирөө.
Өзгөнү ойлобой өзүн ойлоп,
Алкымын тыя албады башка бирөө.
Ушулбу замандын бузулганы?
Кенен таркап ушактын угулганы,
Ата-бала эсептешип үй бүлөдө.
Акча үчүн бир туугандар урушканы,
Ушул го замандын бузулганы...
Фронттон кат
Сейитбек уулу Темирлан (3-курс)
Курман деп арнап жаным. Жаштык жылым.
Ажалдын канжарынын катып кырын.
Ойкуштап олжо издеген окту тосуп,
Фронттон жолдойм эне төрт сап ырым.
Күтсө да ак калпакчан мекенибиз,
Кайтпастан жер жамында неченибиз.
Түтөдүк түгөнүүдөн жанар болуп.
Согушуп калган аман-эсенибиз.
Бир да жан укпайт биздин үнүбүздү,
Ким билет биздин өлчү күнүбүздү
Жараткан буйруп мага калемгерлик,
Ыр кылдым мекениме сүйүүбүздү.
Турмушта калдым жетпей ойдогума,
Таарынбайм тагдыр ташым ойноогуна,
Кайрылбай калсам эгер унуткарып.
Ай-жылга бүктөп мени койбогула.
Сагынтты эне сенин кара наның.
Эсимде акыркы ирээт караганың,
Мен барам, балким барат башкалары,
Кайтарып бейкуттугун замананын.
Уулуңа ачса эгер ажал оозун
Кайгырба тосту уулуң мекен жоосун.
Жылдызга учуп кетпей чымын жаным,
Мекендеп калсын Кыргыз Ала-Тоосун.
Иш-чаранын жүрүшүндө Карбалас Бакиров жолугушууну уюштуруп берген журналистика факультетинин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, студенттерге кызыктуу окуялардан айтып, ырларынан окуп берди. Акындын айтымында, котормо менен иштөө - журналистика жаатында окуп жаткан студенттердин чыгармачылык дараметин өстүрүүгө жардам берет
Жылдыз Туратбекова - журфактын пресс-борборунун кызматкери