Жекшемби, Апрель 27, 2025
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Физфактын студенти - II ДКОнун алтын жана күмүш медалдарынын ээси

00II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна физика жана электроника” факультетинин 3-курс студенти Жамансартова Азиза “Мангала” оюну боюнча Кыргызстандын атынан катышып, байгелүү орундарга ээ болуп кайтты, т.а. Азиза ойногон топ (команда) I орунга ээ болуп, алтын медаль менен сыйланса, жеке өзү II орунга ээ болуп, күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Белгилей кетсек, “Мангала” оюнуна 22 өлкөдөн оюнчулар катышып, сыйлыкты КРнын “Тогуз коргоол федерациясынын” президенти Касымов Камчыбек өз колу менен тапшырган.

Факультеттин ар бир студентинин, окутуучуларынын сыйлыгы - жалпы факультет жамаатынын сыймыгы деп билебиз. Андыктан бул ийгиликти унутта калтырып же кайдыгер карап койбостон, Жамансартова Азизаны куттуктап коюу үчүн 16-сентябрда факультеттин жалпы жамааты 7-дарсканага чогулду. Алгач сөздү декандын милдетин убактылуу аткаруучу Жусупгелдиев Шаршен агай баштады.

Ал Жамансартова Азизага өз куттуктоолорун айтып, ыраазычылыгын билдирди жана факультеттин атынан куттуктоо баракчасын тапшырып коюу үчүн факультеттин аксакал окутуучусу, профессор Мамбетакунов Эсенбек агайды чакырды. Агай бул студент менен биз эле эмес бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанаарын, анын мындай ийгилигине албетте ата-энесинин, окуткан эже-агайынын, эң негизгиси - даярдаган устатынын эмгеги, таасири да абдан чоң экенин баса белгилеп өттү жана куттуктоо баракчасын берип, ала келген медалын кайрадан эл алдында тапшырды. Андан кийинки куттуктоо сөзү декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бакирова Элизат эжеге берилип, Жамансартова Азизизанын буга чейинки ийгиликтерин айтып өтүү менен бирге ага мындан аркы да жашоосунда ийгиликтерге жетип жүрүүсүн каалап өттү.

Албетте, ийгиликтин, кубанычтын деми башкача болот эмеспи, көрүп отурган адам эле кандай толкундап отурары дарскана ичиндеги абалдан эле байкалды. Студенттер шатыра-шатман кол чаап, өзүнчө бир сүйүнүчтө отурушту. Ар дайым эле ушундай кубанычтар, жакшы жышаандар боло берсин демекчибиз.

Ал эми биздин үлгүлүү студентибиз Жамансартова Азизага турмуштан дагы, окуудан дагы жана өнөрдөн дагы ийгиликке, жеңишке жетишип жүрүүсүн каалайбыз. Өмүрүн узун, ден соолугуң бекем болсун Азиза!

01 3

04

06

07

Материалды даярдагандар:

  • Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
  • Боскеева Гүлбарчын - ага лаборант
  • Төлөгөн уулу Мирбек - ага лаборант.

PS:

Мурда кабарлангандай, Педагогика факультетинин 4-курс студенти Тынчтыкбек уулу Бекзат да II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз күрөшү боюнча 55 кг. салмакта катышып, алтын медалга татыктуу болгон жана 100 миң сомдук акчалай байге утуп алган болчу.