

Физфактын окутуучусуна “Лидерлик үчүн” алтын медалы ыйгарылды
09.09.2016 11:27
Физика жана электроника факультетинин окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргызстан Аялдар конгрессинин ардактуу мүчөсү Гүлзат Исмаиловага аталган уюмдун эл аралык деңгээлде уюштурулган иш чарасында эл аралык маанидеги “Лидерлик үчүн” алтын медалы ыйгарылды.
Сыйлыкты тапшыруу аземи Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага чет мамлекеттен келген коноктор катышып, атайын концерттик программа да уюштурулуп, сыйлык ээлеринин шаңына шаң кошуп турду.
Урматтуу Гүлзат Дердеңбаевна, ар дайым ак кызматыңыз, адал эмгегиңиз үчүн сыйлык алып, ийгилик жаратып, биз сыймыктанган керек болсо бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанган деңгээлге чыгып жүрүшүңүзгө тилектешпиз. Сыйлыгыңыз кут болуп, ден соолугуңуз бекем болсун!
Бакирова Элизат - тарбия иштери боюнча декандын орун басары
Боскеева Гүлбарчын, Төлөгөн уулу Мирбек - ага лаборанттар.