Дүйшөмбү, Май 20, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

С.Жорупбеков: "Кыргыздын өзүнчө адашуусуна 25 жыл болду" (23.09.2016 жаңыланды)

altЖорупбеков Сатылган –

Жусуп Баласагын атындагы

Кыргыз улуттук университетинин

маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетинин

доценти

Кыргыздын өзүнчө адашуусуна 25 жыл болду

Чыныгы системалуу дүйнөтаанымы боюнча ырыстарды жаратыш үчүн элде ынтымак; ынтымакта болуш үчүн адилеттүүлүк; адилетүүлүктү камсыз кылыш үчүн акылмандуулук; акылмандуулукка жетиш үчүн туура дүйнөтаанымга келиш; ага келип, аны аңдап тааныш үчүн объективдүү аң-сезим бар, анын ээси Жараткан экендикке баардыгы келиши керек.

Объективдүү аң-сезим бар, анткени аны менен Аалам, табият, жан-жаныбарлар жаратылууда. Мына ушундай чөйрөдө гана субъективдүү аң-сезим менен цивилизация курулууда. Субъективдүү аң-сезимдин ээси болгондой, объективдүү аң-сезимдин дагы ээси бар. Ал Теңир. Ал Бар дүйнөнүн төрт тарабына ырыскысын тең чачат деген мааниде ушинтип аталып, кыргыз өзүнүн оймо экинчи “тилинде” “крест (+)” белгиси менен колдонгон каражаттарында аны сүрөттөп баяндап келүүдө.

Дүйнөтааным субъективдүү аң-сезимдин башаты. Мындай тааным Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымдагы киши болгондой адам болуп жашоо кыргыздын идеологиясын жараткан. Кыргыз киши болууну адам болуудан өйдө коюп, “киши адамы - Аалам (Теңир) адамы” – делген Теңирчилик санатында. Бул кыргыз идеологиясы илимий терминдер менен системалуу дүйнө-таанымдагы баардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо идеологиясы деп айтылмак. Мындай талап объективдүү логиканын нугунда болгондуктан, ал Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы жана түшүнгөнгө жалпы адамзаттын идеологиясы да боло алмак.

Ал эми азыркы коомдо, анын башкаруу системасында болсо өзүмчүлдүк алдым-жуттум акылдуулуктун идеологиясы үстөмдүк кылат. Мындай абал азыркы илимий дүйнөтааным толук системалуу болбой адаштырган тааным болгондугунун таасири. «Вскрылась ложность картины мира, на которой мы выросли сами и растим своих детей. И в этом одна из главных причин наших бед и кризисов» - дейт В. Тростников (ст. Научна ли «научная картина мира»?).

«Современное видение и понимание мира поставлено человечеством с ног на голову. Люди создали свои, искусственные законы – научные, законы общественного развития и т.д., не имея представления о законах Вселенной. Трагедия в том, что эти человеческие законы полностью противоречат законам Вселенной. Мы разделили единое знание, создав 82 науки, которые имеют разные закономерности, разные методы исследования, а в итоге не дают нам истинного видения мира. Мы построили технику, которая уводит нас в еще больший тупик; мы построили общество, которое не дает никому удовлетворения; мы построили отношения между людьми, которые никого не устраивают, потому что живем по законам, придуманным нами самими, которые нам удобны, но, увы, не совпадают с Законами Вселенной, Творца» - дейт д.т.н. В.Д. Плыкин (http://year-2012.narod.ru/since2.html). Башкаларды тууроону токтотуш керекпи, кыргыз?

Теңирчилик боюнча дүйнөнүн философиясы материализм эмес эле идеализм. Жердеги адамзаттын атасы болгон Адам-атага объективдүү аң-сезимден берилген алгачкы туура билимдер кыргыздын Теңирчилик таанымы болуп ооз-эки анын санаттарында сакталып, жашоо салты болуп колдонулган. Ошондуктан, кыргыздын Теңирчилиги – объективдүү аң-сезимге адекваттуу келген Жердеги эң алгачкы субъективдүү тааным. Анын санаттары жазылып сакталбагандыктан башкалардын өзүнүкү кылып алуусу болгон (adji.ru). Ошондуктан, ушундай кыргыз таанымы болгондугун жана анын ушундай экендигин жаап-жашыруу уланууда. Адашуунун кесепетинен болгон ырым-жырымдарды Теңирчиликке жабыштырып аны кароолоо саясаты да болууда. Объективдүү аң-сезим менен байланышты түзө алган таза жарандын касиети кыргыздын Улуу сөзүн, Улуулугун жараткан. Кыргыз мындай чындыктуу сөздү барктап, сөзгө жыгылып келген.

Азыркы идеологиядагы коомго адашкандыктын кесепетинен жалган демократизм, көп пар-тиялуулук, парламенттик башкаруу системасы, сөздү барктабоо мүнөздүү. Кыргызды азыр адаштырган билермандар да «биз демократияны, парламентизмди орнотуп жатабыз деп» - мактанышат. Алар Саи Бабанын минтип айтканын билишпесе керек: «Демократия, как система управления, когда у власти находятся вайшьи и шудры (өзүмчүлдөр:) – это провал. Они руководствуются жаждой наживы любой ценой, невзирая на справедливость, что ведет к процветанию коррупции и эксплуатации» («Пророчества Саи Бабы»). Бул жөнөкөй жарандын эмес, аватара (Кудайдай киши) болгондун айтканы. Айтылыш талашсыз чындык экенин дүйнө-дөгү, биздеги демократиялуу башкаруу системанын жоруктары далилдеп, биздеги өзүмчүл демократтар 25 жылдан бери карапайым элди сөз, шайлоосу менен алдап, эл алардын кымбат бийлик системасына, депутаттардын кымбат иштөө-жашоосуна кыйналып эле келе жатпайбы. Алардын өздөрүнө «секрет» кылып түзүп алган шарттардын билингени эле (КТРК 23.02.15; Азаттык 28.02.15) элди эксплуатациялоо жана коррупциялык схемалардын өзү эле эмеспи. Чыгаша кирешеден ашып, элдин тышкы карызы өсүп жатканда, эл үчүн иштейбиз деген бийлик, биринчи ирээтте, ушуларды өзгөртпөй, маанисиз көп сөз айтылып, зарылдуу жыйынтык алышбайт.

Биздеги азыркы көп партиялуу парламенттик башкаруу системасы жана анын азыркы конституциясындагы ойлор Теңирчилик салтын бузуп, бюджетке акталбаган зор чыгымдарды жаратып, жаман адаттардын эле үлгүсү болуп, жаштарды бузуп, кылмыштуулардын санын, түрүн көбөйтүүгө же мыйзамдаштырууга көмөкчү болгону жок дейсиңби? Ал эми азыркы гүлдөгөн көп партиялуулук болсо, ал белгилүү “бөлүп-жарып башкаруу” империялык саясаттын бизде ишке ашырылышы эле эмеспи. Биздеги көп партиялуулук, анын парламентаризми, жалган демократизми ушундай саясаттын технологиясы болгондугун, “мыктысынып” элди бөлүп-жарып бытыраткан “лидерлердин” көбөйүшү менен кыргыздын биримдикке келе албашы ырастабайбы. Анда элди бөлүп жаргандар, аларды колдогондор кыргыздын душмандары эле эмеспи.  

Элдин адаштырылган абалда болушу жана биримдиктин жоктугу өзүмчүлдүк идеологиядагы башкарган топтун (ички болобу же сырткы болобу) бийликте болушуна, дагы байышына эле ыңгайлуу. Ушул себептен, сырткы күчтөр биздеги партиялык топторго, демократтарга, аларды колдогон уюмдарга бекер жардамдарды тынбай беришүүдө эмеспи. Ошондуктан, учурдун зарылдуу маселеси – бул аталган идеологияны ишке ашырган бир эле партиянын тегерегинде кыргызстандыктардын биригүүсү. Бөлүп-жарып элди алдаган партиялардын кереги жок!

Адаштырылган субъективдүү аң-сезимдеги адамзаттын цивилизациясы глобалдык проблема-ларды улам көбөйтүп, Теңирчилик боюнча Калыгул айткан жасалма Акыр заманга алып келди. Акыр заманга өзүмчүлдүү алдым-жуттум акылдуулуктун көптүгү, акылмандуулуктун жоктугу мүнөздүү. Баардык жагдайдагы ушундайдын кесепетинен жана башкаруу системалары өзүнө кошоматчылык кызмат кылган “интеллигент-билермандары” менен адаштырылган, бөлүнүп-жарылган абалга жеткирилген кыргыз өзүнүн туура системалуу таанымын жээригенге жетип, болгон туура идеологиясын унутка калтырып, башка адашкандарды маңкурттай ээрчип-туураап, анын демократиясы менен жаман жоруктарды гүлдөткөн кези. Бул жагынан кыргыз 25 жылда дүйнөлүк рекорд койду. Ал эми акылмандуулуктун үстөмүндөгү салттуу тиричилик заманасы жарандын Бар дүйнөдө жаралышынын максат-милдетине ылайыктуу экендигин кыргыз Теңирчилиги менен ырастап, анын символдуу белгисин да тапкан эмес беле (С. Жорупбеков. Кыргыз ким?, Б., 2015). Анда азыркы идеологияга, саясатка карама-каршы келген ой камтылган.

Мындай жалпы азыркы адамзатка таандык болгон проблематикалык абалдан чыгуунун туура бир эле жолу – бу илимий жаңы системалуу дүйнөтаанымга келүү. Анын негизинде жаңы идеологиядагы жана системалуу мамиледеги тиричиликке келишмек; теңдикти камсыздаган акылмандуулук үстөмдүк болуп, экономикада жалпычылык менен жекечилик ыкмалар тең салымдуулукта эки карама-каршылыктардын теңдигин, гармониясын камсыздамак. Ошондо бийлик акылмандуулукта (калыстыкта) чечимдерин ишке ашырып, адилеттүүлүктү камсыз кылмак. Адилеттүүлүк болсо ынтымакты, ынтымак ырыстарды жаратмак. Жаңы илимий дүйнөтаанымга келүү менен дүйнөдө диндик тирешүүлөр да басылып, террористтик конфликттер да тыйылмак. Кыргыз бул проблеманы түшүнүп чечпегендиктен, анын азыркы аракеттери “урап жаткан фундаменттеги үйдө натыйжасыз евроремонтторду кайра-кайра эле жүргүзүү” сыяктуу. Мисалы, “тумарым” деп мактаган конституциядан “катылган миналардын” табылышы. Алар оңдолгону менен аталган проблема чечилбейт да. Дагы аны кайра оңдош керек болот.

Кыргыз болсо жаңы илимий таанымга келүү үчүн өзүнүн такталган Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымына кайра келиши эле зарыл (Демир Кадыров. Теософия единого поля. Б. 2015). Аны менен адам болгондой киши болуу акылмандуулуктун идеологиясын жашоосунда жетекчиликке кайра алмак. Минтүү менен ар бир адашкан жаран субъективдүү аңсезиминин логикасын объективдүү аңсезимдин логикасына адекваттуу кылмак. Чындыктардын иерархиясынын чокусу болгон жалгыз чындыкка келмек. Мындай логикага келбей туруп эле конституцияны, бийликти, жашоону өзгөртөбүз деген алдануу. Мындай чындыкты ишке ашыруу үчүн акылман жетекчиси бар, элди аталган идеология менен жетектеген бир эле партиялуу бийлик системасы керек. Ошондо сөз эркиндиги болуп, жарыяланган материалга ошол материалды алып келген жаран гана жооп бериши керек. “Ушактан” коркондор - таза эместер, андайлар бийликке барышпасын. Бизнести текшерүү эскертүүсүз гана болмок. Текшерүүдөн жадагандар – алдамчылар, андайлар бизнес кылышпасын. Ошентип, сөздүн баркы көтөрүлөт, таза, жоопкерчиликтүү иштегендер көбөйөт, текшерүүчүгө пара берүү да тыйылат.

Мындай идеологияга ылайыктуу жашоонун башкаруу системасы аткаруучу президенттик бийлигинен жана аны багыттоочу, текшерүүчү, алмаштыруучу Элдик Курултай бийлигинен эле куралмак. Элдик Курултайдын курамы эл гана шайлаган айыл өкмөтүнүн башчыларынан, мэрлерден жана чарбанын ар тармагындагы проблемалар менен иштеген окумуштуулардан, Улуттар ассемблеясындагы ар улуттун жетикчилеринен турмак. Курултайдын такай иштеген чакан, арзан органы жана максаттарды пландоо ограны болуп, өнүгүү пландуу түрдө гана болмок.

Аткаруучу бийликтин кезектеги максаттарын Элдик Курултай аныктамак. Аны ашырыш үчүн керектүү мыйзамдарды өкмөт өзү жазмак, аткарылышынын жоопкерчилиги да толугу менен анда болмок. Аткаруучу бийликтин иштеши анын жетишкен жыйынтыктары менен гана бааланмак. Баалоо бир жылда эки жолу: жайында (жаз жарыш бүткөндө), кышында (күз күрөш бүткөндө) курултайдын жыйынында жүргүзүлмөк. Баалоого жараша президентти алмаштыруу азыркыдай шайлоо кампаниясы менен эмес, Курултайга катышкандардын көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу эле болмок. Ошентип, алмаштыруу азыркыдай кымбатка турмак эмес, 5 жылга созулмак эмес, жетекчинин тазасы, ыймандуулугу да батыраак табылмак. Мындай бийлик системасы оңой алмашылгандыктан авторитардык система болмок эмес. Аны багуу элге арзан да болмок, азыркыдай болбой, анткени, премьер-министр институту, парламент, шайлоо комиссиясы, конституциялык палата жок болот жана ал таза кадрлардан да турмак. Себеби, айыл башчысына бирге жашагандардын ичинен тазасын тандап алыш жылдык жалпы чогулушта болуп, аны алмаштыруу да чогулушта керектүү убакытта болмок. Ал эми бай гана катыша алган азыркыдай шайлоо кампаниясы менен региондон көпчүлүккө тааныш болбогонду, шайлоонун технологиясы тап таза болгондо да таза кандидат болот деп тандаш алдануу, анткени “анын аласы ичинде” – деп эскертет Теңирчилик санаты. Адашкан кыргыз “сыймыктанган” лидерлердин түзгөн депутаттардын тизмелери акча менен эле такталып жатканда кайдагы таза шайлоо. Анан азыркы демократия боюнча, алдануунун азабын эл беш жылдай тартып эксплуатациялык убарада болмок. Ошентип, мындай шайлоо алдамчыларга акчанын күчү менен бийликке келүүгө эле ынгайлуу. Мындай башкаруу системанын архитектурасын кандайча кылып өзгөртүш керектигин эл алигиче таба албады. Аны мыктысынып жарышка чыккан партиялар да табышпай, элди кезектеги жолу алдамайдын эле айласын көрүшөт. Ал эми «Прогнозы таковы, что где-то к середине нынешнего века, может, еще раньше парламенты полностью исчезнут, останутся лишь президенты с весьма усеченными правами, что по своей значимости станет великой революцией» (ВБ 14.11.14).

Болгон эки ыңкылап бүлүндүрүү, тоноо, өлүм менен адашууну, алдоону токтото албады. Бул алардын жетекчилери адаштырылган таанымдагы өзүмчүл идеологиядагы демократтар экендиги-нен, акылмандуулуктун жоктугунан болду. Адашууну жана алдоону токтотуу болсо жарандардын субъективдүү аң-сезимин өзгөртө турган жаңы дүйнөтаанымды кабыл алуу менен гана башталып, ишке ашырыларын адашкан кыргыз дале түшүнө элек. Элге эмес, сырткы күчтөргө же өзүмчүлдөргө жаккан өзгөртүүлөрдү эле адаштырган автор жазган жалган конституцияга же шайлоо кампаниясынын технологиясына киргизүү менен эле проблемалар чечилет деп элди алдамай эле болууда. Бир да партиянын, бир да жетекчинин бул макаладагы ойлорго тете проблеманы чече турган программасы болгон жок. Идеология жөнүндө да сөз жок. Болсо чыгышсын ачык талкууга. Проблема түшүнүлүп, жаңы дүйнөтаанымдын негизиндеги идеология, анын бийлик системасы аныкталбагандан кийин кезектеги шайлоо, референдум менен жөн эле акчаны бекерге коротуу же алдануу эле болот! Ага барган эл проблеманын маңызын дале аңдап түшүнө электигин дагы бир жолу далилдемек. Ал эми өзүмчүлдүк менен байыган бийликтегилер болсо алдамчы шайлоосу же референдуму менен бийликке кайра келип же калып, өзүнүн өзүмчүлдүү кызыкчылыгын гана сактап калуу эле керектигин дагы бир жолу ырастамак.

Проблеманы түшүнүп чечебиз десек, жаңы дүйнөтаанымды, идеологияны кабыл алып, чакан Кыргызстанга алардын негизиндеги бюджетте чыгашасы кирешеден ашпаган, архитектурасы жаңы структурадагы, жоопкерчиликтүү, бирок оңой алмаштырыла турган, эл үчүн арзан болгон бийлик системасын жаратышыбыз керек. Мунун концепциялары гана жаңы конституцияда кыскача так берилиши зарыл. Аны венециалыктарга текшертиштин зарылчылыгы жок!

Ошондуктан, мен президентке, парламентке кайрылаар элем. Эгерде чын эле эл үчүн иштеп жүрсөңөр, Кудайдан корксоңор, анда парламент Элдик Курултайды мыйзамдаштырып, элдик бийликти ага берип, жаңы президенти тандасын деп өзүн тап таза жойбойбу да, президент да ага макул болбойбу. Мындай ыңкылап-экспериментти элдин кызычылыгы үчүн тынчтыкта өзүңөр ишке ашырбайсыңарбы. Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымын кайра кабыл алуу менен бейпилдикти жаратуучу Теңирчиликтин теңдик заңын экономикада, жашоодо киши болгон-дой адам болуу акылмандуулуктун идеологиясын киргизүү менен баардыктын оңолушуна сөзсүз шарт түзүлүп, жаңы таанымдагы системалуу мамиле камсыздалып, жооптуу, арзан башкаруу системасы жаралмак. Элдин талаптары окумуштуулардын кеңеши менен такталып, дайыма алардын көзөмөлүндө алынмак. Чыныгы Элдик бийликти дүйнөдө биринчилерден болуп киргизип, демократиялуу башкаруу азыркыдай өзүмчүл топтун башкаруусу болбой чыныгы демократиялуу башкаруу ушундай болот деп, сыймыктана ала турган системалуу таанымдагы салттык дөөлөттөрү менен жана мунусу менен да башкаларга үлгү болуп кыргыз даңазаланат эле.

Ар бир кыргыз аң-сезимин өзү өзгөртүп, адашуудан чыкса, ар түрлүү алдамчылардан арылып, өз акыл-эсине келип тазаланса, акылмандуулугу менен Теңиримдин колдоосунда болуп, цивилиза-циялык өнүгүүдө болуучу жасалма Акыр замандан мурда аман-эсен өткөндөй, кезектеги Акырдан да аман-эсен өтүп, өзүнүн акылмандуулугу менен бөтөнчөлөнгөн өз «Кыргыз жолуна» түшүп, адамгерчиликтүү болгон кишичиликтүү тиричилигине кайра келип аны уланта берээрине баардык жагдайда негизги шарттар сакталып бар экендигин Көчмөндөр Оюндары дүйнөгө айкындабадыбы.

Эгерде адашкан көпчүлүк аң-сезимин өзү же бирөө (Куйручуктай болгон акылман жетекчи-президент) менен өзгөртпөсө, анда Теңирчиликтин “Жаратылыш (Кудай) жаңылышты кечирбейт” деген заңы боюнча адашкан көпчүлүктү Жараткан өзү табигый кырсыктары менен акыл-эске келтирээрин элдин, президенттин, депутаттардын эсине гана салмакчымын. Бул ыкма адамзаттын адашуусун токтотуунун акыркы айласы! Бирок, дүйнөдөгү болуп жаткан кырсык-тарды көрүп С. Бабанын айткандары келдиби да дейсиң. Ойгон, ойлон кыргыз! Туура жолду тап!

__________________________