Жекшемби, Май 19, 2024
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Окумуштуулар кеӊешинин 11.05.2016 отуруму

alt2016-жылдын 11-майында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеӊешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды КУУнун ректору, Окумуштуулар кеңешинин төрагасы Чынара Адамкулова алып барды. Отурумда төмөндөгү маселелер каралды:

1. 2015/16-жылдагы каржы жана чарба иштеринин абалы жана материалдык-техиикалык базаны өркүндөтүү тууралуу;

2. 2016/17-окуу жылына кабыл алуу боюнча тарифтик саясат тууралуу;

3. 2016/17-окуу жылына кабыл алуунун эрежелери жана кабыл алуу комиссиясынын жоболору, көрсөтмөлөрү жөнүндө;

4. Аспиранттарды, докторанттарды даярдоо бөлүмүнүн отчету;12

5. КУУнун факультеттериндеги окуу-тарбия иштеринин абалы жана аларды өркүндөтүүнүн жолдору тууралуу;

6. Ар түрдүү маселелер.

Жыйын жагымдуу иш-чара менен башталды. Атап айтканда, журналистика факультетинин басма сөз кафедрасынын профессорунун м.а., КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, «Даңк» медалынын ээси, белгилүү публицист жана журналист Абдиламит Матисаковго жана 1937-жылдагы репрессиянын курмандыктары болгон 137 адамдын сөөгүн табууга жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин курулушуна зор салым кошкондугу үчүн Бүбүра Кыдыралиевага "КУУнун ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

Кошумча материал: Бүбүйра апага Улуттук университеттин Ардактуу профессору наамы тапшырылды

Чынара Адамкулова дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сыйлык ээлерине тиешелүү аттестатты жана улуттук колоритте жасалган академиялык мантия менен конфедератканы тапшырды.

Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча административдик жана чарба иштери боюнча проректордун м.а. Эркин Кулова чыгып сүйлөп, 2015/16-жылдагы каржы жана чарба иштеринин абалы жана материалдык-техиикалык базаны өркүндөтүү тууралуу баяндама жасады.

Анын айтымында, өткөн календардык жылда окутуучу-профессорлук курамдын (ОПК) айлыгы жалпы айлык фондунун 60%, административдик-башкаруу курамыныкы - 16%, чарба-тейлөө курамыныкы - 7% жана жардамчы окуу персоналдын айлыгы 17% түздү.

Атайын каражаттардан түшкөн кирешенин структурасы төмөндөгүдөй болду: контракт - 85,5%, структуралык түзүмдөр - 6,9%, студенттик жатаканалар - 3,81%, пансионат - 1,45%, аренда - 0.66%, башка булактар - 1,68%.

Бюджеттик бөлүмдө сабак берген ОПКнын айлык маянасы:

alt

Контракттык бөлүмдө сабак берген ОПКнын айлык маянасы:

alt

Айрым категориялар боюнча айлык акынын өсүшү:

alt

Бюджеттик кызматкерлердин орточо айлык акысы:

alt

2016/17-окуу жылына кабыл алуу боюнча тарифтик саясат тууралуу пландоо жана каржы бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Мысагулова баяндама жасады. КУУнун башкы финансисти Өкмөттүн 2016-жылдын 11-апрелинде кабыл алган №191-токтомунун негизинде контракттын суммалары эми монополияга каршы комитет тарабынан бекитилбей тургандыгын белгилеп, жаңы окуу жылына пландалып жаткан контракттын суммалары тууралуу (факультеттер боюнча) маалымат берди.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын кызыгуусун жаратып, баяндамачыга көптөгөн суроолор берилди. Бир топко созулган талкуудан кийин төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды.

1. "Бакалавриат" жана "Адистик" программалары боюнча окуп жаткан 1-курс студенттеринин контрагы 2016/17-окуу жылына мурдагы 25 000 сомго чейинки контракттын ордуна 27 000 сомдон кем эмес өлчөмдө бекитилсин;

2. Контрагынын өлчөмү босого баадан жогору болгон "Бакалавриат" жана "Адистик" программаларында окутуунун баасы 1000 сомго, магистратураныкы 2000 сомго көтөрүлсүн.

3. Орто кесиптик билим берүү жана жалпы билим берүү программалары боюнча окуган 1-курс студенттеринин контрагы 2016/17-окуу жылына төмөндөгү өлчөмдөрдө бекитилсин:

  • Лицейлер - 25 000 сом;
  • Педагогикалык колледж - 25 000 сом;
  • Маалымат технологиялары колледжи - 27 000 сом;

4. Калган колледждерже окутуунун баасы 1000 сомго көтөрүлсүн.

5. 2016/2017-окуу жылы аспирантуранын 1-курсунда окутуунун баасы 30 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

Белгилей кетсек, 10-май күнү өткөн маалымат жыйынында билим берүү министри Эльвира Сариева бюджеттик негизде бир студентти окутуунун баасы 26,6 миң сом деп аныкталгандыгын билдирген.

Күн тартибиндеги 3-маселе боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Сотимкулов маалымат берди. Ал өткөн Окумуштуулар кеңешинен бери аткарылган иштер, министрлик тарабынан кабыл алынган чечимдер тууралуу айтып,  Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнөн 2016/17-окуу жылына кабыл алуунун эрежелерин жана кабыл алуу комнссиясынын жоболорун, көрсөтмөлөрүн бекитип берүүнун суранды.

Аспиранттарды, докторанттарды даярдоо бөлүмүнүн отчетун аталган бөлүмдүн башчысы Токтокан Курамаева берди.

Өздөрү жетектеген түзүмдөрдөгү окуу-тарбия иштеринин абалы жана аларды өркүндөтүүнүн жолдору тууралуу журналистика факультетинин деканы Айна Дуйшекеева, философиячык илимдер жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультетинин деканы Кубаныч Ибраев, орус жана славян филологиясы факультетинин деканы Жоомарт Акпаралиев жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева айтып беришти.

Ар түрдүү маселелер боюнча окумуштуу катчы Гульмира Осмоналиева чыгып сүйлөп, "профессор", "доцент" окумуштуу наамын алууга чыккан талапкерлер жөнүндө маалымат берип, алардын документтерин Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына сунуштоого макулдук сурады. Алар:

1. "Профессор" окумуштуу наамын алууга талапкерлер:

  • Розахунова Нонна Расуловна - ю.и.д., конституциялык жана административдик укук кафедрасынын профессорунун м.а.
  • Келдибеков Рамис Жакыпбекович - ю.и.к., мамлекеттик укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доцентинин м.а.

2. "Доцент" окумуштуу наамын алууга талапкер:

  • Абдыкеримов Шаршен Абжалбекович - КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, физмаданият жана cпорт кафедрасынын доцентинин м.а.

3. "Улук илимий кызматкер" наамын алууга талапкер

  • Черикова Динара Сатыбалдиевна - бизнес жана башкаруу факультети

4. КР илим жана билим берүү министирлигинин грифи менен окуу китептерин чыгарууга талапкерлер:

  • Б.Шабыкеев, А.Алыбаев - «Экономика багытындагы бакалаврлар үчүн математика» - окуу китеби
  • Г.Д.Панкова, М.Б.Мамбеталиева, Ч.Ш.Аманбаева: «Экономикалык эсептер үчүн компьютердик ыкмалар: МАТКАД чөйрөсүндөгү финансылык функциялар» - окуу куралы.
  • Т.Н.Кулматов: «Ландшафт таануу» - окуу китеби.

---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

alt

alt

 

alt

alt

alt

 alt