

Кыргыз-кытай факультетинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи болуп өттү
07.06.2016 17:17
2016-жылдын 7-июнунда Кыргыз-кытай факультетинде 5-курстардын бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп өттү. Майрамдык кечени факультет деканы Бектурсун Байсабаев куттуктоо сөзү менен ачып, бүтүрүүчүлөргө ак жол, мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү жана алдыңкы студенттерге мактоо баракчаларын тапшырды.
Мамлекеттик тил боюнча проректор Назаркул Ишекеев бүтүрүүчүлөрдү чын дили менен куттуктап, ысымын Улуттук университет алып жүргөн Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейинде бүтүрүүлөрдүн окууну аяктап жатканы чоң майрам экенин белгилеп, "Турмуш - бул акылдуу, ары татаал жол. Ал жолдо жеңишке жетүү чоң эмгекти талап кылат. Изденүүлөр олжолуу болсун, жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун. Келечекке байланган үмүтүңөр кенен болсун, арышты кенен аттагыла. Ийгилик силерди дайым коштоп жүрсүн!", - деген каалоо-тилектерин айтты мамлекеттик тил боюнча проректор.
Узатуу кечесине факультеттин мурдагы деканы Болот Токтобаев да сыйлуу конок катары катышты.
Майрамдык салтанантта бүтүрүүчүлөрдүн жана ата-энелердин атынан сөз сүйлөнүп, чакан концерт тартууланды.